Кулакка салып "үн бергич",
Дүлөй сындуу укпайбыз.
Окубай КУНУТ дубасын,
"Торгоюм" деп уктайбыз.
Гүлжигит, Нурлан, Мирбек деп,
Ырларын жатып угабыз.
Чакырса АЗАН намазга,
Тетири карап турабыз.
Өлгөнгө гана окуйт деп,
Өлүктүн кылдык куралы.
Түз жолго салган нур дүйнө,
Исламдын ыйык КУРАНЫ!
Окусак ар бир тамгасын,
Миңдеген сооптор жазылат.
Жолотпой алтын китепке,
Шайтандар ырга чакырат.
Шайтандап бийлеп тайраңдап,
Жүрөбүз күндө майрамдап.
Жан дилден жаттап ырларды,
Ырдайбыз шаңдуу сайрандап.
Убакыт келип калганда,
Азрейил жанды алганда.
Бир сөзүн билбей Курандын,
Калабыз ыйлап арманда.
Калканың болбой ырларың,
Ачылат далай сырларың.
Көрлөрдө боздоп жатаарбыз,
Азаптын ашып кырларын.
Бейиштин жакут тумары,
Исламдын жарык Кураны.
Кааласак жаннат гүлзарын,
КУРАНГА көңүл буралы!!!
🏡Хадича медресеси...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев