Ой кыялды акыл эсти чырматып,
Жан кейитти жан дуйномду ырбатып,
Таттуу эмес ачуу суйуу болдуго,
Уусун берип, сай-соогумду сыздатып.
Журок ыйлайт улам жазсам ырымды.
Жудойм сыздап ачалбастан сырымды.
Суйуп калдым табышмактуу сулууну
Журом жылдап айта албастан чынымды.
Ашыктырып журогумду кыйнаган
Ал сулууну корсом жудойм уялам
Кыялымда толкуп жаткан сезимдер
Журогумдо далээ жашайт уялап.
Ашыктыктан арсыз жаным алсырап
Очуп барат умут сымал шам чырак.
Айта албай ачуу чындык суйуумду.
Ун ката албай сезимдерим жанчылат.
Коз алдыма Келет кээде элеси
Ойго батсам кыялдансам негедир.
Айта албаймын ачык айкын чынымды.
Табышмактуу сырдуу пери себеби.
Эгер кулсо козун ирмеп жылмайып.
Коз салам