Маданият Тарых Тил каналында бүгүн
Элмирбек Иманалиев агабызды эскерип,
"Төкмө келсе төр бошот" теле берүүсү тартылды. Айтыш Коомдук Фондунун жалпы жамаатынан акындар катышып, 90 мүнөт тоодой агабызды эскердик. Шарт түзүп берген теле каналдын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Элмикем элдик адамым
Эчкирсем кайдан табамын
Саратан жайдын күнүндө
Кар жаап турат кабагым
Эскерген ырдан сыя жок
Эзилип жашка барагым
Өзөртө тагдыр тепкенге
Өтпөй да турат тамагым
Алланын салган иш экен
Айла жок кабыл аламын
Эл уулу Элмир өлгөн жок
Шакирттер калды артында
Чамаларын чакташаар
Чаң жугузбай атыңа
Ыр дөөлөтүң жаймакчы
Ырыстуу кыргыз калкыңа.
Айтыш өнөр салтында
Атка минген бек эле
Жортуп ке