Ээээх азыркы болуп жаткан Корунушту КАЛЫГУЛ Олуя айтып геткен экен .... Калыгул атадан кечигип келген насаат
Батасыз калаар элиңер,
Балыксыз калаар көлүңөр.
Корголсуз калаар корооңор,
Кол сунбас жолдош-жороңор.
Ичегиң калар ичкерип,
Ийгилик тураар кеч келип.
Санаасы бузук эл келээр,
Салт-санаа айткан тергелээр.
Жегени таза жерилээр,
Жериңди четтен кемирээр.
Учкундан мурун өрт кетээр,
Улуудан каада-салт кетээр.
Казанга салбай аш бышаар,
Кагазсыз элиң кат жазаар.
Ширеңке чакпай от жагаар,
Шилбилүү төрүң бош калаар.
Тоолоруң калар топусуз,
Сок билек калар сокусуз.
Үйлөрүң болоор үч кабат,
Эшигиң болоор беш кабат.
Көңүлүң өргүп тынч албас,
Өксүсөң эч ким кылчайбас.
Түбөлүк кө