КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ агабыздын күйгөн сөзү:
"Эмнеге ушунчалык кара өзгөйсүңөр? Эмнеге ушунчалык ажымулук, тээжиксиңер? Жок дегенде бириңер мойнуңарга алып койсоңор боло?... Силерди бирден жетелеп, араптардын чөлдөгү жашоосун көрсөтүп, төөнүн заарасын ичип жаткан киши мусулман экенине күбө кылса да, ошол чөлдө өзүңөр жашап, заараны өзүңөр ичмейин: "Жок, бул мусулман эмес" - дээриңерге көзүм жетип олтурат. "Кайран гана кыргыз!" - деп, үшкүргөндөн башка арга жок.
Болбосо, кыргыздын башка элдерден кайсыл бир жери жаман экен да, кайсыл жери кем экен? Эч элде жок төкмөчүлүк, манасчылык өнөрү бар тилиби? Эч кимде жок калпагы баш болгон улуттук кийимиби? Көргөндөрдүн көз жоосун алган боз үйүбү?