Карызмын...
(Окурмандарыма)
Кечиктим, кечиктирдим карызымды,
Күнөөмдү моюнума алышым бу...
Күндөрдүн бир күнүндө төлөп берем,
Эселеп өстүргүлө пайызымды...
Сазына көртирликтин батып алып,
Санаалар көкүрөктү басып алып,
Кызмончок, Бектемир, Жан жөнүндөгү,
Жомогум көөдөнгө бек катып алып,
Силерге сары майдай сактап жүрөм.
Азыраак убакыттан аксап жүрөм,
Доочу көп... Күткөндөр көп... билип, сезип,
Атүгүл атыңарды жаттап жүрөм...
Ж.Исабаева.