Ээ, ажыке! Кадырыңыз өттү...
Сиз барда кандай жакшы эле. Ар дайым, кайсы темада болбосун чындыкты айтып, багыт берип турчуңуз. Ар бир кеңешиңиз жардам берчү. Сизди жоктоп кыйналып кеттик... Коомубузда "чөөлөр" көбөйдү. Сиз дал азыр элибизге керек элеңиз...
...ЖАШООГО КИМДИР БИРӨӨЛӨРГӨ ЖАГАЛДАНЫШ (КОШОМАТ КЫЛУУ) ҮЧҮН КЕЛГЕН ЭМЕСПИЗ!
Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле " Кечир, мен адашкан экенмин " - деген сөздү айтуу алда канча татаал.
Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү ооруталбайт.
Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура.
Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар.
Сүйүү - бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул - ооруу.
Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт.
Эгер а
Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр келди!
Бүгүн, 2-декабрда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен 49 жаштагы аксылык Нурлан Доулбеков аталган шаардын жаңы мэри болуп шайланды.
Доулбеков Нурлан кесиби боюнча энергетик. Буга чейин ал Жогорку окуу жайларында окутуучу, курулуш компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалап келген.
Иштин көзүн билген, амбициясы күчтүү, адамдык сапаттары да бийик инсан. Шаардын өнүп-өсүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем.
Нурлан аке, кызмат ордуңузду куттуктап, ишиңизге ийгилик каалайм! Эл үчүн кызмат кылчу мүмкүнчүлүк келди эми...
Ээ, ажыке! Кадырыңыз өттү...
Сиз барда кандай жакшы эле. Ар дайым, кайсы темада болбосун чындыкты айтып, багыт берип турчуңуз. Ар бир кеңешиңиз жардам берчү. Сизди жоктоп кыйналып кеттик... Коомубузда "чөөлөр" көбөйдү. Сиз дал азыр элибизге керек элеңиз...