25.02.2019
Кара-Кулжа районунда "Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды жою" боюнча элдик жыйын болуп, жыйындын катышуучулары
1. Кара аш үчүн 2 майда жандыктан же 1 бодо малдан башка мал жандык союлбасын;
2. Үчүлүк, жетилик, пайшамбалык өткөрүлбөсүн;
3. Себет көтөрүүгө, калпак-жоолук алып барууга тыю салынсын;
4. Көк кийүү, жыртыш таратуу, жылдыкта сарпай кийгизүү жоюлсун;
5. Чай ичирүүгө союш алып барууга, үйгө коноктоого жол берилбесин;
6. Айыл өкмөттүн алдында, Айылдарда ыксыз чыгымдарды жою боюнча комиссиялар түзүлсүн;
7. Ушул жыйындын чечими айылдык Кеңештин сессияларында бекитилсин деген чечимдер кабыл алынды!!!