Отургандардын арасынан бош орунду көрүп, ошол жерге отурган (адам) жөнүндө. 59(66). Абу Вакид аль-Лайсиден (Алла ага ыраазы болсун) рабаят этилгендей, бир жолу Алланын элчиси алейхиссалам адамдар менен мечитте отурганда, үч адам келди. Алардын экөө Алланын элчиси алейхиссаламдын жанына келишти, а бирөөсү чыгып кетти. (Бул хадистин рабаят этүүчүсү) айткан: «Ал экөө Алланын элчиси алейхиссаламдын жанында туруп калышты, (анан) алардан бирөө (отургандардын) арасынан бир бош орунду көрүп калды да, ал жерге отурду, экинчиси алардын артына отурду, ал эми үчүнчүсү болсо бурулуп чыгып кетти. Сүйлөшүп жаткан сөзүн бүтүрүп, Алланын элчиси алейхиссалам мындай деди: «Силерге бул үчөө жөнүндө бир нерсе ай