Бүгүн неге жашым төктүм да,
Ой көлүнөн чыкпай чөктүм да.
Мээримиңе такыр бөлөнбөй,
Ата, сизди көрбөй өстүм да.
Жүрөгүмө толгон кусалык,
Ошол үчүн ыйлайм, өксүйм да.
Кайырма:
Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
..
Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Бул азаптар, сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар, ызалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Айыктырып жүрөк жарамды...