Сагынам,сагынам, сагынам.
Жүрөгүм сыгылат абыдан.
Билинбей бир күнү суурулуп.
Чыкпасын Аллахым кабынан.
Сыйынам ,сыйынам, сыйынам.
Саждага беш убак жыгылам.
Өмүр жаш билинбей акырын.
Кетилип баратат сырынан.
Өмүрүм ,өмүрүм, өмүрүм.
Бузулду бүгүн кеч көңүлүм.
Жашоомдо чачылган ар жакка.
Жыйалбай келе атам өрүгүн.
Кысылам, кысылам, кысылам.
Ичегим түйүлүп сызылам.
Ызгаарда суукту сезбеген.
Жан болдум башкача ысыган.
Чыйралам,чыйралам, чыйралам.
Бир туруп өзүмчө кыйналам.
Кечир деп, бизге окшош үммөтүн.
Мухаммад вассалам ыйлаган.
Аллахым, аллахым, аллахым.
Өзүңдүн мээримиң жалгасын.
Ар дайым унутпай сени эстеп.
Кулдарың күнөөгө барбасын!
АРСТАНБЕК СУЛАЙМАНОВ
Баркын билип баалагандар өмүрдү.
Кайра кайра эстегиле өлүмдү.
Өлөөрүңдү эстеп турсаң дембе дем.
Кабырыңда жарык кылат көрүңдү!
Көп нерседен карманасың эстесең.
Бир саамга ойлоп көрчү сезбесең.
Акыйкаттын бар экенин байкайсың.
Дүнүйө деп чектен ашып кетпесең!
Дегдеттирет барчылыктын кызыгы.
Каалоо сезим, эңсөөбүздүн ысыгы.
Бул учурда өлүм барын эстесең.
Түздөлөсүң, ачык кептин бышыгы!
АРСТАНБЕК СУЛАЙМАНОВ.
Өөрчүп барат жакшы көрүү сезимим.
Кенен ачып, күндөн күнгө эшигин.
Жакшы көрбөй сени кантип коё алам.
Канча адамдар сенден тапса кешигин.
Жаманчылык жолобосун келбесин.
Көз тийбесин Кудай сүйгөн пендесиң.
Алла таалам баарын сага чогултуп.
Насип кылсын, ыйман ырыс келмесин.
Боорукерсиң артыгыраак башкадан.
Үлгү алганда, болмок сенден башка адам.
Чын көңүлдөн жаратканга жалбарып.
Бакыт тилейм, ыйман сурап Алладан.
Арстанбек Сулайманов.
Келгенинен бат болуп кетип жатат орозо.
Кеткенине ич муздап,уйгу туйгу борошо.
Моюн сунбай кантебиз, Аллах чийген жол ошо.
Ибадатка да бир ай, жакшы болмок коросо
Катмы куран окулуп, тазаланды жүрөктөр.
Сонун таасир калтырды далай жакшы мүнөттөр.
Мындан ары таштабай, жайнамазда күн өткөр.
Арабызда баш ийбей, болду бир аз түгөттөр.
Жалгыз Аллах улуксуң, ар нерседен тунуксуң.
Орозонун урматына, күнөөлөрдү курутсун.
Сол жактагы периште жазгандарын унутсун.
Ичи ачышып ибилис, дем алалбай буюксун.
Эмки жылкы орозого,жаратканым жеткирсин.
Анда дагы ичи өрттөнүп, шайтан ыйлап эчкирсин.
Жаман адат илээшпей, акырындап эскирсин.
Арылбасак булардан,Алла алдында эч кимсиң!
АРСТАНБЕК С