Мээримдүү жана ырайымдуу АЛЛАНЫН ысымы менен баштаймынАЛКЫШ САГА, МУХАММЕД!
(Акро ыр)Мамилесин түз кылып шайтандарга,
Мазар издеп дининен тайгандарга,
Маңкурт болбой жолуңду тап дээр элем,
Маани берип “Мухаммед” Пайгамбарга.Ушул дүйнө кем дейсиң эмнесинен..?
Улуулукту издейбиз жер бетинен.
Устатыбыз “Мухаммед” мурас кылган,
Унуттукпу адал сөз берметинен..?Хан сарайдай бир кезде бузулсак да,
Хандар, бектер баш ийди ушул тапта.
Халалдыкка өчпөгөн жол көрсөтүп,
Хадистериң жанууда учур чакта.Аруу динден адамдар кур калышса,
Анда неге жашайбыз бул жарыкта?
Аллах буйруп “Мухаммед” салган жолду,
Азгырылбай улайлы бир калыпта....Мухаммед сен, жолусуң жер асмандын,
Мусулмандык зор ишти сен аткардың.