Канат Шарипбеков(VIDEOGRAPHER)
Фотографии1300
Канат Шарипбеков(VIDEOGRAPHER)
yesterday 18:36
Украиналык блогер менин тарткан видеом менен жакшы ойлорун айтыптыр, башка мамлекеттеги адамдын көз карашын, өзүнүн оюн бир көрүп, угуп коюңуздар.
Баткендин Лейлегиндеги Көк-Таш деген айылы, жолу абдан алыс экен, айылга жамгыр жааса жолунан сөссүз сел кетип жол жабылат экен. Элинде эч кандай бизнес же соода иштери жок, бир гана мал багуу жана алма өрүк менен тиричилик кылышат экен, жаштарды эмнегедир көрбөдүм, кээ бирлери үйүн да таштап шаарга кетиптир. Таджикистан менен жакын кошуналар экен, мына ушул жердин тургундары Кыргызстан деп биздин жерди эч кимге бербей коргоп отурушат😥 көйгөйлөрүн эми айтбай эле коёюн аны видеодон жакында чыгар
  • 0
  • 0
Канат Шарипбеков(VIDEOGRAPHER)
15 May
Өзгөн району, Зергер айыл аймагы, Кут-Турган айылы
Ютубдан акча таап иштеп жаткан кээ бир кесиптештер: Кыргызстандын жакшы жаңылыктарын чыгарсаңар, акча табам деп эле кайдагы өспүрүм балдарды да саясатка жаман жаңылыка буруп, мекенибиздин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатасыңар, жакшы жаңылыктарды чыгарып биздин менталитетибизди жогорулатканга, Кыргызстанды өнүктүргөнгө салымыңарды кошкула, артта калып жатабыз башка мамлекеттерден, мектепте да окубаганыңарды элге көрсөтбөй эле койгулачы.
Канат Шарипбеков(VIDEOGRAPHER)
9 May
Кут турган айылында бир эле мектеп бар экен, ал мектепке 6,7 чакырым алыстыктан келип окуган окуучулар көп экен, биринчи укканда ишенбедим, бирок өз көзүм менен көргөндө таң калдым. Эң кызыгы окуучулар эч нерсеге нааразы эмес, жүзүндө күлкү, көчөдө ээн эркин сабака барып келишет экен. Интернет жок, транспорт көп эмес, эч ким менен эч ким урушбайт. Мына билим алуу ийне менен кудук казгандай деген сөзүбүздүн чындыгы. А сен отурасың жигитиң таштап койсо ыйлап, интернетиң иштебей калса ташты жарчуда
  • 2
  • 4
  • 3
Урматтуу Алайлыктар, эртең Гүлчөдө Улуу Жеңиш күнүнө карата жөө жүрүш болоорун баарыңыздар эле билсеңиздер керек, сүрөт жана видеону буюрса өзүм тартам, ошондуктан тартып жатканымда болушунча кадрга түшкөнгө аракет жасаңыздар жана сизге керектүү кадрларды New Production студиясына келип чыгарып же өзүңүздүн уюлдук телефонуңузга өткөзүп алсаңыздар болот. Майрамыңыздар менен! Урматтоо менен Канат Шарипбеков тел: 0559-96-99-15 Адрес:👇 https://www.google.kg/maps/place/NEW PRODUCTION MEDIA STUDIO/@4
Show more