🌿 БАЛАНЫ КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК 🌿
– Баланы канча жашында өзүнчө бөлмөгө бөлүү туура?
– Бала кичине кезде ата-эне өзү деле бөлө албайт, ачынып үшүп же коркуп калабы деп чочулашат. Негизи болушунча эрте (2-3 жаштан кийин)башка бөлмөдө уктаганга көндүрсө, өз алдынчалыкка үйрөнөт. Алгач жанына шам чырак коюп же коңшу бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, бала уктагандан кийин өчүрүп көндүрүү керек. Же уктагыча эне жанына бир-эки саат жатып, жомок айтып берүү сунушталат."Мына сенин керебетиң, кандай сонун. Чоңоюп калдың, өзүнчө жатышың керек. Сен чарчадың, атаң да жумуштан чарчап келди, тынч укташыбыз керек. Биз ооруп калсак сага жугат, ошон үчүн өзүнчө жат"деген сыяктуу сөздөр менен көндүрүү туура.
– Үйгө киши келсе ата-энелер балдарын "баргыла тиги бөлмөгө" деп конок үстүнө киргизбей коюшат, ушул туурабы?
– Ал туура эмес. Ата-эне баланы коноктор менен тааныштырып, коноктун туугандык жакындыгын айтып, мисалы,"таякең, чоң энең болот" деш керек. Мында балада туугандык сезим пайда болот жана өзүн чоң киши сезип калат. Таанышып, эл менен бир чыны чай ичкен соң "эми тиги бөлмөгө бар, ырың даяр болгондо келип конокторго айтып бер" деп узатып коюу зарыл. Ошондон кийин гана бала эшикти улам шыкаалабай, тынч ойной берет.