Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
8- БОЛУМ.
Семенович болгон акылын уйротуп жатты. Ал тургай канча акча сайылганын да байкабай Касымга саймедиреп жиберди. Дароо тигини создон кармап корууну чечкен Касым шартнама тузуп алалы деп ультиматум койду. Семеновичтин козу чанагынан чыга жаздап токтоду.
-Коля ансыз деле мен сага банктык эсеп ачканмын го дагы кандай шарт керек сага?
- Ушул эроолдон утуп чыксам боштондукка кое бересин болбосо сайган акчанды самандай сапырып шамалга учурамын
- Коля билип кой моонот оз жолу менен убагында отолот эч кандай шарт жонундо соз болбосун.
- Мен айтчумду айттым аткарганды да билемин соз бутту деп басып баратканда
- Токто! Столду катуу муштап ачуу кыйкырды. Макул болбошко чарасы жок эле, анткени Кабанды Касым утуп чыкса элуу миллион рубль колуна тиймек. Мынча акчаны колунан чыгаргысы келбеген Семенович доопоростордон эмес болчу.
- Оз кунунду билген жигит экенсин мен макулмун бирок айтып коеюн созсуз Кабанды жок кыласын антпейт экенсин оз колум менен сени жайлаймын
- Келиштик созго турбаган олот.
Катуу талап койгон Касымдан чоочулаган Семенович кайтып баргандан кийин олтурууну ойлоп калды. Машыгуу оз нугунда отуп жатты. Кабан жигиттерин катуу тыйып койгон. Бир жолу тушку тамактан келатып коридордо бетме бет келе тушушту, бирок тигилер акырын жол беришип какшык узатышып кала беришти. Мушташты Семенович атайын кечендетип жатты, анткени Касым жакшыраак тынып алсын дегени эле. Антпесе болобу оноор эмес акчаны чала жан бироону мушташтырып ала алмак беле.
Афганистанда жургондо эртелеп тургузган инструктор
- Танкы салкын аба денени сергитуучу касиетке ээ ошондуктан эртелеп туруп конуугуу жасоо зарыл!- деп кундо айтчу да бир саат тынбай конугуу жасатчу. Ошол адатка конуп алган Касым кундо эртен менен туруп бир саат конугуу жасайт да анан бугунку кунду кандай откорууну пландайт. Тундо тушуно досу Сыргабай кирди. Экоо тоону аралап катуу кыйкырып чуркап баратат, Касым бир тоонун башынан экинчисине бир аттап эле жетип жатты. Мындай тушту омурундо корбогон. Эмне болсо да жакшылык болсунчу деп жоруп койду. Туштонуу убагында шашылыш бугун кечинде мушташ болоорун эскертишти. Кечинде эл келип арена даяр болгондо Касым ортого чыкты. Колуна эки кыска узундугу сексен сантиметрдей болгон жумуру темир беришти. Бул анын колдонуучу куралы эле. Андан сон Кабан чыкты анын колунда да эки темир бирок анын баштары орок сымал ийилип миздуу курч болчу. Адегенде экоо бири бирин тооруп акмалап айланып журушту.
-Хаа!- Кабан тап берип калды.
Чанк- чунк! Темирлер бири бирине тийип чанкылдап соккуларды тийгизбей тосуп жатышты. Мындай тирешуу копко созулду. Аралыкты толук эсеп албай калганбы бир убакта Касымдын кокурогу тыз этип кан жая берди. Кабандын колундагы миздуу темир тилип кеткен эле. Касымдын даана ачуусу келип укмуштай шамдагайлык менен тез сокку жасап келип Кабанды так тобого уруп отту. Сендиректей тушкон Кабан тез озуно келип кайра чабуулга отту. Чанкылдап бири бирине тийген темирлер кадимкидей ысып чыкты. Тике качырып келген Кабанды буйтап туруп дагы бир жолу тобого кагып тушту бул жолу аркасынан ургандыктан, Кабандын колдору шалак деп томон тушуп тизелеп барып комкоросунон тушту. Касымдын жениши менен эроол аяктады. Туш туштан копчулук суроонго алып чуулдап кыйкырып колдоп кетишти.
(Уландысы бар)

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2