МАКТАНЧААК ӨРДӨК
Бир көлдө мактанчаак өрдөк жашачу экен. Күндөрдүн биринде ал айланасындагы бакаларга мактанып мындай дептир:
"Дүйнөдө мендей жандык жок. Анткени мен сууда да сүзөмүн, куруктукта да жүрөмүн ошондой эле асманда да уча аламын".
Муну угуп турган кары ташбака ага:
"Көп мактана бербе, эй өрдөк, сен сүзүштү билем дегениң менен балыктай сүзө албайсың. Чуркаганың менен кийиктей тез жана алыска чуркай албайсың. Асманда учканың менен бүркүттөй уча албайсың. Сен булардын баарын бир өрдөктөй гана кыла аласың", дептир.
Эй инсан, билгин, ар бир адамдын өзүнө жараша жөндөмү болот. Акылдуу адам мына ошол жөндөмүн өнүктүрүп, андан өзү жана башкалар пайдаланат. Ак