Аял байкуш титиреген уулун кучактап жол тосуп олтурса унаалар дагы, адамдар дагы кайдыгер, видеого тартып аны эрдик кылгандай интернетке жарыялап атышат.
Анысы аз келгенсип тез жардам унаасы албай кетиптир, анткени өспүрүм дароо эле жан бериптир. Коомдун жүрөгү жок болуп баратат. Эшикте орозо, сооп үчүн деле бирөө жарым түшө калып колу бутун ушалап өлүп калса деле ишенбеген эне байкушка таканчык боло алышпаптыр!!
Өспүрүм жигит дагы туура эмес жерден чуркап чыга калса керек, жолдун ортосунда жатат.
Мал деле өлүп калганына кейип карап турат экен, малдан да төмөн түшкөн коомго айландык.
Акылбек Жапаровдун депутат кезинде ушундай айбандардын унаасын мамлекет тартып алып өзүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратып, анан бир канча жылга соттоп жиберчү мыйзамы бар эле. Ошону күчүнө киргизет окшойбуз.
Милиция деле үн катпайт, башкасы деле унчукпады. Карапайым аялдын уулуна кайдыгер мамиле...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 77
Атаганат каякка баратабыз Кыргыз элим?