Жазуучу Алтын Капалова «эмгек мигранттарынын өлүмү кыргыз чиновниктеринин абийиринде» деп эсептейт.
«Каза болгондор үчүн жүрөгүбүз ооруп турат. Бизге өтө оор, анткени алардын ордунда Орусияда иштеп жүргөн көптөгөн туугандарыбыз болуп калышы мүмкүн эле. Бизге өтө оор, анткени алардын өлүмү — өлкөдөгү коррупциялашкан башкаруунун жыйынтыгы экенин түшүнүп турабыз», — деп жазды ал.
https://bit.ly/3Kb8Re1

- Like8
Дизайнер Нурбек Насыранбеков минкабдын төрага орун басары Эдил Байсаловдун 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу кабарга карата комментарийинен улам иллюстрация тартып, соцтармакка жүктөдү. Иллюстрациялык сүрөт коомчулукка тез арада тарап, талкуу жаратты.
Бул кылмышка төрт киши шектелип жатат, экөө милиция кызматкери.
Бул кылмышка төрт киши шектелип жатат, экөө милиция кызматкери.
Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунуштады.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири окуучулардын ата-энелерине айып 12 жаштан баштап салынарын айтты. Айып пул 2 миң сомду түзөт. Эгер укук бузуу кайталанса, 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу чарасы көрүлөт.
https://bit.ly/3z8xFzK
- Like1
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жана Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Асылбек Кочкоров активист Мелис Аспековдун айыптоолорун төгүндөдү. Мындан сырткары Кочкоров активистти сотко бере турганын билдирди.
Буга чейин Аспековдун фейсбук баракчасынан «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деген кат 14-майга караган түнү жарыяланган болчу. Бирок аталган пост кийинчерээк өчүрүлдү.
- Like1
- Like7
added January 25 at 15:02
Factcheck’тин журналисттери президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова «Ак-Үмүт» компаниясынын ээлеринин бири экенин аныкташты. Бул компанияны мамлекет башчысы 2021-жылга карата декларациясында көрсөтпөй койгон.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ак-Үмүт» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири — президенттин жубайы Айгүл Жапарова.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ак-Үмүт» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири — президенттин жубайы Айгүл Жапарова.
- Like4
added January 25 at 09:29
Тайланддын Бангкок шаарында өткөн 22 жашка чейинки спортчулардын арасындагы Азия чемпионатында кыргыз мушкерлери жети коло медаль утушту.
Мушкерлер чемпионатка жөнөп жатканда чыр чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Спорт департаменти спортчуларды Таиланддагы турнирге жибере албаганын айтып чыккан.
Мушкерлер чемпионатка жөнөп жатканда чыр чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Спорт департаменти спортчуларды Таиланддагы турнирге жибере албаганын айтып чыккан.
- Like1
added January 25 at 07:38
Бишкек мэриясы 24-январда шаар тургундарына «катуу суукка» жана электр энергиясын керектөө көбөйгөнүнө байланыштуу шаардагы көчө жарыктарын түнкүсүн жарым-жартылай өчүрүп турууну чечкенин билдирди.
Муниципалитеттен электр жарыгы бульварларда, парктарда, гүл бак жана веложолдордо өчүрүлөрүн кошумчалашты.
Муниципалитеттен электр жарыгы бульварларда, парктарда, гүл бак жана веложолдордо өчүрүлөрүн кошумчалашты.
- Like0
added January 24 at 12:19
Кыргызстандын медиакоомчулугу Маданият министрлигинен «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылды.
Билдирүүдө Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып бөгөттөө чечимин кабыл алганы башында эле мыйзамсыз болгону айтылат.
Билдирүүдө Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып бөгөттөө чечимин кабыл алганы башында эле мыйзамсыз болгону айтылат.
- Like0
added January 24 at 09:36
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду MEGA уюлдук операторун компаниянын баасы жогору болуп турганда сатып салган оң деп эсептейт.
Парламенттин профилдик комитетинин 23-январдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев эгер компанияны сатылбай калса MEGA’нын баасы түшүп кетет деген тобокелдик барбы деп сураган. Бакиров бул рыноктун талабы деп жооп берген.

loading...
Show more