ОПЫТНЫЙ ГИНЕКОЛОГ ,33 ЖЫЛ СТАЖ, ЗАРЫЛ МЕДЕТБЕКОВНА ТРУБАЛАРДЫН СПАЙКАСЫ БАЛАЛУУ БОЛУУ БАКТЫСЫНАН АЖЫРАТАТ! 89296743646 Тукумсуздукка себеп болгон оорулардын бири спайка, башкача айтканда, түтүктөрдүн жармашуусу . Түтүктүн спайкасы деген эмне? Түтүктүн спайкасы – бир нече себептердин натыйжасында түтүктүн ички бетиндеги терилердин бири-бирине жабышуусу. Түтүктүн диаметри ичке, 1 миллиметрди гана түзгөндүктөн жабыркоого тез учурайт. Балалуу болууга бирден-бир жол болгон бул аялуу органга кылдат
Мени кыз узатуу салты бактысыз кылды. Акыры ажырашууга дуушар болдук… Биз бай турабыз. Ата энем кыз узатуу кылышып, дүңгүрөгөн той беришти. Жигитим Марлен ошол күндөн маанайы түшүп, мени үйүнө кө үлү жок алпарды. Алар начар жашаганын мурдатан эле билчүмүн. Бирок сүйүү үчүн тийгем. Кайын энем менен эки бөлмөлүү квартирада жашай баштадык. Марлен күндө наалый баштады. «Мен андай кыз узатуудай той бере албайм, алдыга да түшө албайм» дейт. Апасы да ага кошулуп, ашыкча көп сөздөр айтыла баштады. Суз к
Күйөөмдүн көңүлдөшү эрин менин койнумда деп чала берчү болду
Менсиз жашоосу жок болуп жүрүп үйлөнгөн жолдошум, бала менен отуруп калганда ойнош таап алыптыр. Кызыгы ал менен көңүлдөш болгон кыз курбумдун кошунасы экен. Экөө сүйлөшүп калса ал турмушка чыгарын айтып менин жолдошумдун сурөтун көрсөтуп эки кызым менен алам деди аялы начар болуп кетип калыптыр дептир. Угуп алып шок болуп жатам. Жолдошум экөөбүз ушул убакка чейин бир да катуу сөз айтышып урушкан эмеспиз. Ортобузда эки кыз бир уул бар. Жолдодшума йтсам бала менен үйдө отуруп мээң айланып жаткан
ООЗ АЧКАНДАН КИЙИН ТУУРА ТАМАКТАНУУ ЗАРЫЛ. Орозону туура кармаса, ден соолукка пайдалуу. Учурда бул боюнча көптөгөн иликтөөлөр жүргүзүлүп, адамдын ачка жүрүүсү да саламаттыка пайдалуу экендиги аныкталган. Куранда медицина сыяктуу эле орозону кимдер кармаганга болору же болбой турганы айтылган. Илдети оорлор дарыланып жаткандыгына байланыштуу; Бала эмизгендер жана кош бойлуулар; Өтө улгайган жана кичинекей балдар (ачкалыкты көтөрө алышпайт); Алыс жакка чыгып жол азабын тарткандар (келгенде ула
100 ЖООКЕР Кайсы бир убакытта калмактар кыргыздарды жене албай турган кези экен. Кыргызга каршы болгон ар бир жоортулу калмактардын женилиши менен аяктап, айлары бир топ кеткен экен. Кыргызды кантип женебиз деп кенеш отуп турганда, калмактын бир акылманы акыл-кенеш берген экен: «Кыргызды кыргыз гана жене алат», деп. Ошондо калмактардын ханы буйрук берет, наристе 100 кыргыз баласын уурдап келгиле, деп. 100 кыргыз наристеси уурдалып келет. Бой жеткиче ошол 100 наристе кыргыз балдары жоокер кат
Бир киши өзүнө чоң бакчасы бар үй сатып алды. Ал аябай кубанды. Кечинде бакка чыгып, таза аба менен дем алып, түшүмдүн бышып жетилгенине суктанды. Баары жакшы болмок, анын үйүнүн жанында гана өтө зыяндуу коңшусу жашаган кичинекей эски үй бар эле. Бул кошуна чексиз кандайдыр бир ыпылас амалдарды жасоого аракет кылды: бакчага таштандыларды ыргытып жиберип, андан кийин дагы бир нерсени ыргытып жиберди. Бир жолу биздин адам подъездге чыгып кетти, мына, бир чака тоо боорунда экен. Ал киши төмөн
Show more
Бир аял үйүнүн алдында ак сакалдуу үч абышканы көрүп калат. Сырткы көрүнүшүнөн жол жүрүп, чаңкап, чарчап турганын сезген аял аларга: ʺЖолоочу көрүнөсүздөр, курсагыңыздар да ач болсо керек, үйгө кирип даам татып кетиңиздерʺ - дейт. Алар: ʺҮйдө кожоюнуңуз барбы?ʺ - деп сурашат. Аял: ʺЖок, жолдошум жумуштаʺ- деп, жооп берет. Абышкалардын бирөөсү: ʺЭгер жолдошуңуз үйдө жок болсо, анда биз үйүңүзгө кире албайбыз, күйөөңүз келгенче күтө туралыʺ - дейт. Кеч кирип күйөөсү жумуштан келген соң, аялы болгон окуяны күйөөсүнө айтып берет. Окуяны угаар замат аялына: ʺYч абышканы чакырып кел, конок кылалыʺ- дейт. Аял эшике чыгып, абышкалардын үйгө кирүүсүн суранат. Абышкалардын бири: ʺКызым, мунун аты ʺИйгиликʺ, тигинин аты ʺБайлыкʺ, а менин атым болсо ʺЫнтымакʺ - деп, өздөрүн тааныштырат да, бир учурда үчөөбүз тең үйүңөргө кире албайбыз, бирөөбүздү гана тандай аласыңарʺ- дейт. Аял үйгө кирип күйөөсү менен кеңешет. Күйөөсү: ʺБайлыкты чакыралы, үйүбүзгө байлык келсинʺ- дейт. Аялы болсо күйөөсүнүн тандоосуна кошулбай ийгили кти киргизелиʺ - дейт. Экөөсүнүн бир чечимге келе албай жатканын угуп турган келини: ʺЫнтымакты киргизсек туура болбойбу?ʺ - деп, сунуш киргизет. Күйөөсү: ʺКелиндин оюна кошулам, келгиле анда ʺЫнтымактыʺ чакыралы, бизге сыйлуу конок болсунʺ - дейт. Аялы эшигин ачып: ʺСиздердин кимиңиздер ынтымак?, үйгө кирип конок болуңузʺ- дейт. Ынтымак ордунан туруп үйгө кире баштайт, артынан ийгилик да, байлык да үйгө кирет. Аял таң калып: ʺМен ʺЫнтымактыʺ эле чакырбадым беле, силер экөөңөр эмнеге кирип жатасыңар?ʺ - деп сурайт. Байлык: ʺЭгер мени гана чакырганыңарда, мен гана кирмекмин да, тиги экөөсү сыртта калмак. Эгер ийгиликти гана чакырганыңарда, ийгилик гана кирип, мен жана ынтымак сыртта калмакпыз. Бирок сен ʺЫнтымактыʺ тандадың, ынтымак кирген үйгө, ийгилик да, байлык да киретʺ - дейт, анткени ʺЫнтымакʺ бар жерде ʺИйгиликʺ да, ʺБайлыкʺ да болот.
Log in or sign up to add a comment