Күзгү жамгыр жаап жатат майдаланып басылбай,
Карт дарактын бутагынан тамчылары тамчылай.
Түнөрүңкү, кабак бүркөп ал даркка жөлөнүп,
Турат сулуу колундагы кол чатырга жашынбай.
Сезилгенсийт жааган жамгыр суу сепкенсип сезимге,
Муңдуу жүзү кубарыңкы көк асманга тиктесе,
Көздөрүнөн жаш аккандай бирок турат билинбей,
Же жамгырбы, же жашыбы кирпиктерин ирмесе.
Оор тагдырга кабылганын билгизип ак жүзүнөн,
Жабыркаган жанга окшоп жашоодон же сүйүүдөн.
Жамгырды да элес албай сан ойлорго чөмүлүп,
Көңүл калып чарчагандай ушул жалган дүйнөдөн.
Жамгыр деле жаап жатат майдалынып өзгөрбөй,
Көөдөнүндө турган сымал арман, күйүт бөксөрбөй.
Ичтен сызып турса дагы өксүгөнү билинип,
Жууп кетет жааган жамгыр ыйлаганын билгизбей.
Жамгыр гана жууп турат ыйлаганын көргөзбөй.
Жазган: Жыргалбек Усенов. 13.10.2025
13:52 Москва.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1