Ал аңгыча милицияда келип калды. Сафия арызын жазып кетип жатып
-Ишти жакшылап тергегиле деп өктөм сүйлөдү.
-Камсанабаңыз баары мыйзам чегинде өз жазасын алат.
-Макул анда байланышабыз деп машинасына олтуруп кетип калды.
Үйүнө барган соң өзүн басып, атасы менен апасын убайыма салбайын деп бул жөнүндө айтпады. Ал аңгыча иниси эшиктен кирип келип
-Абже машинаңызга эмне болгон?
-Эмне болуптур?
-Аркасынан урулгандайгоо.
-Аа ооба эки күн башта курбум сураганынан берсем сүзүп алыптыр аркага айдап жатып төлөп берем дегенинен тим эле кой деп койдум
-Каап кызым көрүнгөнгө машинаңды бере бербесеңчи кырсык болсо сен күнөөлү болосуң.
-Макул апа.
-Ай атасы Жылдыз жокко чалчы теги.
-Азыр мына деп телефонун алып кызына чалып
-Ало кызым эмне болдуң сени күтүп жатабыз
-мына келип калдым - аа макул сени күтүм жаттык эле. Деп келип калган тура деп күйпөлөктөшүп эшике жөнөштү инилери да сүйүнүп алган бирок Сафия эмнегедир эжесине баарын тарттырып жиберчүүдөй кызганып жатты. Барып апасы дарбазаны ачса эле Жылдыз турат күлмүңдөп баары менен жылуу учурашып инилерин тааныштырып кезек Сафияга келди.
-Бул сенин сиңдиң аты Сафия.
-Оо менин кандай гана сулуу акылдуу, ыймандуу сиңдим бар деп шаңкылдап келип эки бетинен өөп койду.
-Жүргүлө анда үйгө кирдик
-Аа баса мен айдоочуму кетирип жиберейин жүктөрдү түшүрүшүп койгулачы деп инилерин карап жылмайды.
Үйгө кирип баары тең чай үстүндө кобурашып олтурушту.
-Кызым эмне кечигип жүрөсүң?
-Ой жолдон айдоочум бир кыздын машинасын сүзүп алып балээсине калбадыкбы өзү дагы тарбиясыз неме экен ажылдап убактымдын баарын алды. Милицияга арыз жазып өзүн көрсөткүсү келди окшойт.
-Ии кап этияттабайсыңарбы деп Айыма кыжаалат. Анда Ырыскелди
-Кызым андай тарбиясыз атасынын акчасына көпкөндөр көп теңелбей эле койгонуң жакшы.
-Ооба ата туура айтасыз деп Жылдыз мыйыгынан жылмайып койду.
-Анан милициядан кантип чыктыңыз деп сынай тиктеди Сафия
-Бекеринен прокурор болуп жүрөмбү деп бейгам оозуна жүзүмдөн салып койду.
Демек прокурор. Хм!!! мынча өзүнө ишенет. Кийген кийими өтө кымбат өзүн карап жүрөт экен демек акчасы көп. Деп койду Сафия
Баары тең тамактанып болгон соң узаака чейин кобурашып олтурушту. Жанатан картып туруп жамандап олтурган Жылдыз чынында эле Сафияга жакпай турду. Жылдыз жамандап олтурган кыз Сафия экенин Ырыскелди менен Айыма кайдан билсин Жылдызга кошулуп алар да андай кыздар толтура экенин атасынын байлыгына ишенип тарбиясыз калган начар кыздар экен айтып олтурушту. Сафия чынында чыдабай кетип капысынан эле
-Сизди дагы деле эр ала элекби? десе болобу. Баардыгы тең Сафияны жин тийдиби ушинтип кантип айтсын дегендей түр менен карашат. Жылдыз жасалма болсо да боору эзилгенче каткырып
-Жоок сиңдим эр албайт эмес толтура мен эрге тиэлекмин анын үстүнө эмне шашылам? Эмнеден уялам атамдын төрүндө олтурбагандан кийин деп алдындагы суусундукту ырахаттануу менен ичип койду. Жатаар убак келип Айыма
-Сафияга эжеңдин бөлмөсүн көргөз жатып эс алсын деди
-А макул өзү да аябай чарчаптыр деп тыкылдап басып экинчи кабаттагы бөлмөнү көргөзүп
-Бир нерсе керек болсо айтасыз деп шашып чыгып баратканда капысынан
-Мен сага айттым беле "Бутуң жетпеген жерге колуңду сунба"деп сиңдим. Сафияга бурулбай туруп
-Милициядан кутулганыңыз бул менден кутулду дегендикке жатпайт деп басып кетти.
Бөлмөсүнө кирип эжесинин мындай басынтканына чыдабай ызага муунуп жатты. Көпкөө ойлонуп классташы эсине түштү. Аны каралар дүйнөсүнө аралашып кеткенин уккан эле. Ар кимден сурап жатып телефон номерин тапты. Эжесинин өмүрүнө кол салып жатканын билген жок да байкуш.
-Ало Асылбек?!
-Да да угуп жатам.
-Кандайсың?
-Жакшы ким экен бул?
-Мен классташың Сафия.
-Аа кандайсың? Таптакыр чалчуу эмес элең мектепти бүткөндөн бери.
-Жакшы сенде ишим бар эле Оштосуңбу?
-Ооба айта бер беймарал.
-Сөздүн ачыгы бир кыз бар коркутуп коюш керек болуп жатат.
-Анан?
-Анан ошо жеке айдоочусу менен жүрөт айдоочусун кошуп коркутуп берсең. Сенин колуңдан келсе керек деп ишенип чалып жаткам.
-Макул жасабай жүргөн иш беле заматта жүрөгүн сууруп алабыз.
-Кой ай тамашаңды коркутуп койсоң болот.
-Адресин сүрөтүн бер.
-Адреси менин үйүмдө жашайт. Эртең айдоочусу менен үйдөн чыгаары менен кабарлайм.
-Макул анда балдар ошол тегеректе болушат.
-Канча болот мындай иштер?
-Эми......
-Айта бер эми?
-Классташ ишиң түшүп калыптыр сенен албайм анын үстүнө тапшырма жеңил экен
-Макул анда ишти аткарганыңдан кийин сүйлөшөбүз пока
-Пока
Эжесин ушинтсе эле коркуп Сафияны сыйлап кала тургансып шерденген боюнча уйкуга кетти.
Бирок Жылдыз ойлуу уктабай олтурду. Сиңдисин ичинен өзүнө окшоштуруп Ыргалдан башка дагы бир туугандары бар экенин сезди. Эртең Сафия менен жарашпасам деп ойлоп койду. Адатынча сумкасынан эски сүрөттү алып чыгып
-Эх апаке сиз болгонуңузда менин дагы коргоочум инилерим болмок, бул короо биздики бойдон калмак. Азыр Ыргал эжемдин балдарына өз колуңуз менен таттууларды бышырып бермексиз деп көзүнөн ыссык жаштары куюлуп жатты.
Эрте менен бардыгы тең жылуу маанайда тамактанып олтурушту. Инилери Эрзат Бекзат Шерзаттар кайрадан шаарга окуусуна кетмек болушту. Шаардын өзүнө бир саатык жол бул жерден окуусуна жакыныраак болуп өз алдынча жашап чыйралышсын деп үчөөнү шаардагы үйүнө бөлүп коюшкан.
-Сафия инилериңи шаарга жеткирип кел машинаң менен.
-Макул ата.
-Жоок сиңдим сен эс ала бер мен шаарга бармакмын бүгүн мен эле жеткиргенче келем.
-Чындап эле Жылдыз таштап келсин деп Айыма коштоп калды. Сафиянын Жылдызга болгон заказын кайдан билмек эле.
-Ата мен кечке маал келип калам
-Эртерээк кел кызым деп Жылдыздын Ырыскелди саамайынан өөп койду. Сафия болсо Жылдызга инилерин ата-энесин тарттырып жибергенсип бушайман. Жылдыздын айдоочусу келип инилерин эжесин алып кетти. Классташы таптакыр эсинде жок инилериме дагы тийишип жүрбөсүн деп телефон чалса өчүк. Мына сага! эң улуусу иниси Эрзатка чалып
-Алоо кайсыл жерде кетип бара жатасыңар?
-Үйдөн эми эле чыктыкгоо.
-Кайсыл жерде баратсаңар да токтогула мен азыр жетип барам мени менен кетесиңер деп телефонун коюп салды. Заматта жетип барып
-Сафия эмне болду тынчылыкбы?
-Тынчылык эле инилерими башка бирөөгө эмнегедир эле ишенип тапшыра албайм.
-Эже ал эмне дегениңиз Жылдыз эжем бизге чоочун эмес да.
-А сен эмнени билмек элең олтур машинага! Деп акшыя тиктеди. Үч иниси тең баштарын шылкыйтып биринин артынан бири олтуруп жатышты.
-Сафия экинчи мынтип мага акаарат келтиргениңи токтот!
-Мен сизге бир нерсе дедимби?
-Мен сага көрсөтөм эмне дегенди!
-Колуңуздан келгенин кылыңыз!
Ал аңгыча Жылдызга жумушу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынан чалып калышты эле сүйлөшүп болгон соң аягында
-Баса начальникке айтып койгулачы Жылдыз Ырыскелдиевна бир айга эмгек өргүү сурап жатат деп
-Макул жакшы туруңуз.
-Мейли.
Муну уккан Сафия заматта машинасына олтуруп зуу койду.
-Эже Жылдыз эжем экөөң бир аз тил табыша албай жатасыңарбы деди кичүү иниси Шерзат.
-Айтпагылачы ушуну мага.
-Ал деле биздин бир тууганыбызда
-Сен ойлобо силерге мендей күйөт деп. Боор бербейт бизге.
-Жакшы эле экенгоо.
-Эмне анчалык жан тартып бар анда ошого!
Ушуну менен сөз бүтүп шаарга үн сөз жок кирип келишти.
Кечке чейин курбуларына жолугуп жеке магазиндериндеги сатуучуларынан отчёт алып үйүнө кеч кайтты. Үйүндө Жылдыздын машинасы турат. Демек келиптир. Хм байкуш алаңдап олтурса керек деп үйүнө кирип Жылдыздын кебетесин көрүп чочуп кетти.
Жылдыз олтурат көзү көгөрүп чачтары сапсайып. Жанында апасы жүрөт күйпөлөктөп.
-Эже эмне болду сизге?
-Бир акмактар айдоочум экөөбүзгө кол салды да.
-Ким экен алар?
-Билбейм бул иштин артында ким турса да "Асманга чыкса бутунан, жерге кирсе чачынан сүйрөп чыгам"
-Эже теңелбей эле коюңуз издеген менен пайда жок.
-Сен кабатыр болбо бекеринен прокуратурада иштеп жүргөн жокмун. Кантип эле бул иштин артында сен турганыңы билбей калайын сиңдим.
-Эмне? Кантип мага жала жаап жатасыз
-Анан эмне Ошко келгениме эки күн болсо сендег башка душман арттырганга үлгүрдү дейсиңби? Аңгыча эле дарыларын көтөрүп Айыма жандарына келип калды.
-Өлүңдү кана көрөйүн десе ким жасаса да оңбосун. Кудайым көргөзөт ким болсо да! Деп сүйлөнүп жатты. Байкуш Айыма эжесинин кыздарын карайм деп тийбеди беле Ырыскелдиге бирок Ширин бербей койгон соң эжесинин алдында өзүн күнөөлү сезип "аманатты аткара албадым" деп өзүн күнөөлөп жүргөн.
Түн бир оокум Ширинде уйку жок эки күндө эле Жылдызды сагынып куса болуп чыкты. Чалып
-Алоо Жылдыз уктай элексиңби?
-Жоок ай кандайсыз
-Жакшыда эмне дайының жок
-Сопсонун эле жүрөм
-Ош жактыбы?
-Баары жакты!
-Айыма жеңем кандай кабыл алды?
-Жакшы элегоо дейм. Мен мындай нерселерди байкай бербейм билесиз.
-Ай макул качан келесиң?
-Бир айдан соң.
-Эмнэээ!? Бир айдан сою дейсиңби, сенин ишиң барда.
-Эмгек өргүүгө чыктым.
-Макул анда эртең сүйлөшөбүз дагы.
-Пока!
-Пока!
Шириндин жүрөгүн коркунуч ээлеп алды. А эгер Жылдыз биротоло атамда калам десе колунан эч нерсе келбеси анык эле.
Райондо Сафия жаш болсо да күчтүү бухалтер эле. дээринде барбы же билими күчтүбү айтор эсеп-кысап боюнча алдыга киши салдырчуу эмес. Эрте менен туруп ишине жөнөп калды. Барып эжесинин кийинки кадамы кандай болот? Туугандары экөөнүн кармашын укса эмне дейт. Айрыкча атасынын улуу агасы Канболот мындай маселени эки сөз менен ордуна коёт. Ал аңгыча эле текшерүү келип калды. Мындай иш Сафияга көнүк эле. Жебейт эмес жейт акчанын "көбү сол чөнтөкө" кетет бирок аркасынан из калтырбай нөльмө-нөль кылчуу. Бирок прокуратурадан тез эле иш канасын басып калышты. Мына эми эжесинин өткөнкү иш үчүн сиңдисине ырахматы.
Эже сиңди бирине өтө камкор болуп каткырыгы таш жарат элдин көзүнчө. Ал эми жалгыз калышканда бет карашпай турган душман болуп баратышты. Сафиянын ишинен илинчек табышкан. Бирок кылмыш ишин козгоого далилдер жетишсиз. Күндөн күнгө маанайы суз тартып жүдөп да кетти а Жылдыздын болсо көңүлү куунак кечке атасына эркелейт. Себеби Сафияга "Көрдүңбү менин атам"деген ойду жеткиргиси келчүү.
Иштен маанайы сууз кайткан Сафиянын алдынан Жылдыз кубануу менен тосуп чыкты. Жылдызды көрүп Сафия дагы дүйнөдө эжесинен башка жакын адамы жоктой көңүлү куунак. Бирок "Ичтеринде ит өлүк" болуп араң жүрүшөт.
-Оо менен ыймандуу сиңдим келе жатат кандай гана сулуусуң! Деп кучак жайган Жылдызга
-Эжее бетиңиздеги көк-ала кетип адамга окшошуп калыптырсыз деп кытмыр күлүп боюн таштады.
-Кандайсың анан ишиңде эмне жаңылык?
-Баары ойдогоудай жакында кызматтан көтөрүлөмгоо дейм.
-Ошондой эле болсун! Маанилүүсү бийиктике жетүү эмес бийиктикте кармалып туруу.
-Камсанабаңыз эже анча-мынчасынын бизге тиши өтпөйт!
-Ии баса түшүмө кирипсиң
-Ии анан
-Түшүмдө чөгөлөп менден аябай жардам сурап жатыптырсың колуңа барак кармап алып. Кыязы ишиңе байланышкан маселе бар окшойт деп койдум.
-Эх менин камкор эжекем түшкө нелер кана кирбейт. Жүрүңүз андан көрө менин бөлмөмө сизге бир нерсе берем деп ээрчитип чыгып күзгүнүн алдынан тандап турум бетке коюлуучу бир крем алдыда.
-Эже аял заты жашы өткөн соң өзүн карап жүрүш керек мынабуну алыңыз уктаар алдында алдагы бырыштарыңызга коюп жатсаңыз жакшы жардам берет.
Жылдыздын акыбалын көрсөң мышык ыйлайт. Бозоруп-татарып эле ыңгайсыз абалда калды.
-А жоок муну өзүң ал менде азырынча мындай көйгөй жок муну мага берсең өзүңдүн бырыштарыңа крем жок калбайбы деп бөлмөсүнөн чыкканга шашты.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 81