Предыдущая публикация
Аёсу жок,жемелендим тар кылындым!
Соолуп эле баратам көздөн узап,
Соккусуна чыдабай тагдырымдын...!
Муунтуруп...Бутумдан чапты жерге,
Муздак кандар жүрөктөн акты менде!
Көлдөй эле айланып карегимден,
Көз жаштарга көздөрүм жакты неге...?!
Жүрөгүмө эчен найза сайгылады?
Жүдөп кээде түшүнө албай айрымдарды...
Көптөн бери мен өзүмчө кусадармын,
Көңүлүмдөн кетире албай кайгыларды...
Мейли, мени кеп кылгыла,сүйлөгүлө,
Мейли, мени жек көргүлө,сүйбөгүлө...!
Мерез болгон тагдырдан качайынчы,
Мээрим толгон тарапка сүйрөгүлө...!
Жамандардан жүрөгүм ооруп турат,
Жакшы адамдар тарапка сүйрөгүлө!
(БАШАРАТ БЕГМАТОВА)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев