Жаштык,жаштык суудан да чаң чыгарган,
Жаштыгым ай жакшыны калпып алган.
Желдей сызып издегим келет сени,
Жерге кулап келаткан тамчылардан.
Жаштык жылдар, талыбас канаты бар,
Жаштык жылдар, төбөмдө жанасыңар.
Короо толо үмүттү ээрчип алып,
Күдөр үзбөй бир топко барасыңар.
Коштой турган убакыт чекке жетип,
Кол булгалап алыста каласыңар.
Капысынан бир учур мертингенде,
Канаттарың кайра бир серпилгенде.
Теминүүгө күч кубат,дарман жетпей,
Тээ тереңден жан күүсү чертилгенде.
Каршы алдыңан байкатпай тосуп чыгам,
Азырынча жаштыгым эркиң менде.!
Чыккан кезде жашоонун таш талканы,
Өчкөн кезде өмүрдүн аткан таңы.
Маңдайымдан жел болуп сылап өтсөң.
Алыс учуп ажалдын жаткан чаңы.
Жаштык болуп кылымга күйүп тураар,
Жүрөктөгү Кудайдын жаккан шамы.
Көнгөн турмуш жүктөрүн арта калат,
Кайдан азыр жаштыкка кам санамак.
Убакыттын жармашып таманына,
Аздыр көптүр учкундар калса калат
Бактыбызга жаштыкты курал кылып
Жаштыктагы бактыбыз талкаланат...
Жаштык барбы,ойноктоп мөңкүбөгөн,
Жаштык барбы эрип да көлкүбөгөн.
Канат болуп келатат жаштыгыма,
Качанкы бир тилектер мен сүрөгөн.
Жаштыгымды көргүлө карыганда,
Жакшы кыздын көзүнөн мөлтүрөгөн
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев