Урматтуу кыргызстандыктар,
Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүм-билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.
Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.
Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп