Аллахты эстөө (зикр кылуу) жүрөктөрдү эс алдырат (тынчтантырат) (роад сүрөсү 28-аят)
Абу муса р.а айтат Пайгамбарыбыз с.а.в айтты
Аллахты эстеген(зикр кылган) адам тирүү сыяктүү ал эми Аллахты эстебеген (зикр кылбаган) адам өлүк сыяктуу (бухарий муслим)
автор.Өйдөдөгү аятка көңүл бурсак бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар жүрөктөрү тынч эмес абалда кыжалат,сарсана болуу менен жүрүшөт бүгүнкү күнүм кандай болот эртенки күнүм кандай болор экен деп санаа татып жүрөбүз.
Жашоосунда акчасы барларда жакшы жашоо өтөп атсада жүрөктөрү тынчсыз адамдар көп ошолордун дабасын даарысын бизге жараткан Аллах айтып түшүнтүрүп берди демек жүрөктөгү кыжалаттык сарсананы кайгы капаны жараткан Аллахты эстеп гана ага жалбарып кайрылуу менен гана кетиребиз
Пайгамбарыбыз с.а.в. айтып түшүнтүрүп атат качан биз Аллахты эстесек жүрөктөрүбүз тирүү болот ыйманыбыз күчөйт бекемделет жүрөк кадимкидей жашап эс алат.Качан биз Аллахты эстебесек жүрөгүбүз өлүп жакшы ишке аракет жоголуп максатыбыз жоголуп жакшылыктарга үмүт жоголуп жүрөк бара бара өлөт анан кайгы капа кыжалат,сарсана пайда болот.
Баарыбыз эле билебиз качан башыбызга бир оор сыноо кайгы капа түшкөн кезде эч жактан чечилбей кыйналган кезибизде көзүбүздөн жаш агып жараткан Аллах сен өзүн гана жардам бер деп кайрылганыбызда жүрөктөгү кайгы капаны тынчсызданууну кетирет ошол үчүн качан биздин башыбызга оор иш түшкөндө гана эмес ар бир учурубузда Аллахты эстешибиз керек
Аллахка болгон ыймандын оруну мекени ал жүрөк ошол үчүн жүрөгүбүздү тирүү алып жүргөнгө милдеттүүбүз ( валлохи а'алам биссоваб)


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1