Эгер силерге бир кырсык жетсе,ал силердин колуңар менен кылган иш аракетиңердин себебинен болот жана Аллах көптөрүн кечирет ( шуро сүрөсү 30- аят)
Али р.а айтат мага Пайгамбарыбыз с.а.в айткан
Эй Али ! сенин башыңа келген ооруу,кыйынчылык,же дүйнөдөгү башка бир кыйынчылык,ал колуң менен жасаган иштердин натыйжасы болот
автор: Бүгүнкү күндө кыйналбаган Адам болбосо керек. Кее бирөөлөр дүйнө менен кыйналса кее бирөөлөр ден соолугу ооруу менен кыйналат кее бирөөлөр жокчулук менен кыйналса кее бирөөлөр тынчтык жоктугу менен кыйналат айта берсе сөз түгөнбөйт.
Ар бир кыйынчылыкты өз колубуз менен жаратып алабыз качаан күнөө иштерди жасасак кудайга жакпаган иштерди жасай берсек башыбызга кырсык, балеени, кыйынчылыкты, башыбызга үйүп салат.
Ошол үчүн ар бир Адам Аллахты ыраазы кылууну максат кылуу керек ар бир ишинде бул күнөө болобу же болбойбу?жараткан кудайыма жагабы же жакпайбы? деп ойлонуу керек күнөөдөн тыйылып тообо кылсак анан биздин жашоо жеңил болот тапканыбызда,малы жаныбызда,жашообузда,өмүрүбүздө,үй бүлөбүздө береке болот жүрөктө токтук,тынчтык болот Аллахтын жардамы болот болгону бир шарт бар күнөөдөн тыйылуу керек аны жасабаганга аракет кылуу керек.
Күнөөдөн тосучуу бул бир гана ыйман болот Эгер сиздин ыйманыңыз бекем болсо күчтүү болсо күнөөгө алып барбайт,тосот,сактап калат.Эгер күнөө ишти көп жасасак тообо кылбасак анда жүрөктөр өлөт ыйман алсырайт Аллах наразы болот анан башабызга оор машакат жашоо алып келип койот.
Ыйманыбызга кам пикир кылайлы анын өсүүсүнө меенет кылайлы ыйлап дуа кылайлы. Жаратканым Көпчүлүктүн катарында биздин ыйманыбызды бекем кылсын оор машакат жашоодон алыс кылсын кайгы кападан арылтсын жүрөгүбүзгө тынчтык токтук берсин кылган күнөө иштерибиздин кесепетинен үй бүлөбүздү өзүбүздү бала чакабызды жамандыгы урбасын өзүн бизди сактагын 🤲


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев