Свернуть поиск
"ДОБУЛБАС!"
Танып өткөн тарыхты аткан жаман.
Чыркырата чындыкты каткан жаман.
Куру доомат коюлуп моюнуңа.
Кайгы даамын жалгандан таткан жаман.
Кара баштан ооматы тайган кезде.
Карайлатып кан досту саткан жаман.
Жарты данды үрөнгө эккен эмес.
Жыгылганды биздин эл тепкен эмес.
Чаңкап келип суу ичкен бир кездеги.
Кудугуна түкүрүп кеткен эмес.
Жамандыка кызматты пайдаланып.
Андан эч ким муратка жеткен эмес.
Карылары кыргыздын билги болгон.
Кылган иши урпака үлгү болгон.
Бабалардын салтында болгон эмес.
Төбөлдөрү элине күлкү болгон.
Биздин элдин салтында болгон эмес.
Бийлеринин кылганы чийки болгон.
Абалкылар ажону сыйлачу эле.
Ажо өлсө ай-жылдап ыйлачу эле.
Берекесин камтыган каада-салты.
Бабалардын калтырган зыйнаты эле.
Бүлүндүрүп калкынын казынасын.
Бийлер качан өз элин кыйначу эле?
Калтырганы оозеки тарых эле.
Келечеке үмүтү жарык эле.
Бүтүндүгүн жеринин сактап келген.
Ошолордун эрдиги анык эле.
Качан КЫРГЫЗ айланып бечарага.
Куу турмуштун астында карып эле?
Aksylyk KG. Москва.
0 комментариев
17 классов
01:06
78 комментариев
176 раз поделились
367 классов
01:06
78 комментариев
176 раз поделились
367 классов
00:59
49 комментариев
198 раз поделились
393 класса
01:00
31 комментарий
202 раза поделились
340 классов
02:07
1 комментарий
1 раз поделились
58 классов
05:26
1 комментарий
2 раза поделились
26 классов
загрузка
Показать ещёДополнительная колонка
Правая колонка