СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added October 21 2018 at 05:20
Урматтуу окурмандар!!! Бул теманы жазаардан мурда копко ойлондум. Бирок жазбасам конулум жай алып, журогум оорудан тынчтык алчудай эмес. Кудайым баарыбыздын, балдарыбызды озу тынч таттуу кундорун тартууласын.,уйбулобузго тынчтык берсин, оорубайлы боодо кырсыктан алыс бололу. Анда соз башынан болсун. Мага бироо кайрылды, корсо сырттан тааныйт экен мени. Мен буга чейин башка группада тема жукточумун модер болуп азыр дагы иштейм,. Ошол кезде окурманым болуп журуп кийинчэрээк бир жерден эке
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added August 29 2018 at 04:58
Окурмандар Силерге Сунуш.... Жаны Жазылып Жаткан Чыгармаларды Кутууго Сабырыбыз Жетпей Ойду Кырды Жазып Жатабыз,Ошондуктан Жазылып Буткон Эле Чыгармаларды Чыгарууну Чечтик. Сиздер Кайсы Чыгарманы Окуйсуздар Коментарийге Жазып Кетиниздер. Эн Коп Сунуш Тушкон Чыгарма Чыгарылат. Анда Кеттик... 1. Цыган Кыз. Автору Н. Жийдебаева. 2. Биздин Жашоо Ушундай. Автору Ак Булут. 3. Зоонада Откон Омур. Автору Айгул Шаршен.
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added August 4 2018 at 18:49
Группага модер керек
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added July 16 2018 at 08:41
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added July 1 2018 at 11:13
Кайсы китеп окуйсуз, сунуш кутобуз... Коп сунуш тушкон китеп чыгарылат.
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added June 24 2018 at 10:35
Группага модер керек. Кызыгып иштегиси келгендер жазгыла.
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added May 23 2018 at 22:02
Адамды-адам бай кылбайт Сулайман пайгамбар (а.с) өз доорунда жүз миң аскер адамдан, жүз миң аскер жиндердин баарынын үсүнөн куштар көлөкө кылып ,асманда учуп келе жаткан кезде, жерде бир отун чогултуп жүргөн кедей карыя асманды карап, «Субханаллах»- деди. Ошол кезде шамал карыянын үнүн Сулайманга (а.с) жеткизди. Шамалга буйрук кылып, жерге түшүп карыянын алдына келип: -Биз асманда учуп бара жатканда эмне деген сөз айтыңыз? Карыя коркуп кетип: -Сиз жөнүндө жаман сүйлөгөн жокмун- дейт. Анда Су
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added May 16 2018 at 13:24
.
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added May 5 2018 at 18:21
УРМАТТУУ ТАЙПАЛАШТАР, ЖАНА ОКУРМАНДАР,КОНОКТОР.!!! >>СЕЗИМДЕР СЕРЕСИНЕ СЕРЕСЕП<< ТАЙПАСЫНА КОШ КЕЛДИНЕР!!! ТАЙПАБЫЗГА СЕРЕСЕП САЛЫП, БИЗГЕ КОШУЛУП, ОЙ БОЛУШУП, ТАЛКУУ ЖАРАТЫП, ОЗ ДОСТОРУНАРДЫ ЧАКЫРЫП (ПРИГЛАСИТЬ)ЖАНА ДА ОЗ СЕЗИМ СЫРЛАРЫНЫЗДЫ БОЛУШУП, СЫН ПИКИР ЖАЗЫП ТУРУНУЗДАР.... БИЗ СИЗДЕРГЕ, АДЕП АХЛАК ЖОНУНДО,ЖАНА ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ЭН СЕРЕ ЧЫГАРМАЛАРЫН,БОЛГОН ОКУЯЛАРДЫ,ЖАНЫЛЫКТАРДЫ,ПАЙДАЛУУ КЕНЕШТЕРДИ, ЖЕТКИРИП СИЗДЕРДИН СЕЗИМ СЕРООНОРДУН СЕРЕСИНЕН ОРУН АЛУУГА АРАКЕТ К
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added January 14 at 22:26
Күткөн күн келди... 🔥 Бүгүнкү күндө ар бир экинчи адам өз бизнеси менен алек болгусу келет. Бирок, бизнести баштоо өтө коркунучтуу болгондуктан, дүйнөнүн 97% адамдары бизнеси жок эле "жөн эле" жашоону таңдайт 🔥 "Бизнести башташ үчүн акча керек" деген түшүнүк баарынын оюнда жашап, ишти баштоого бөгөт койсо, акчасы барлар эмне кылып бизнести баштаарын билбей, кайра эле "жөн эле" жашоону улантып жаткан учур. 🔥 Эгер сиз дүйнөнүн 3% адамдарынын катарына кошулуп, "жөн эле" жашабай жашооңузду өкүртө
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added January 5 at 05:45
Адат кылып алганмын мен кутууну Ар кечтерде сиз менен суйлошууну Аппак болуп тан агарып кетсе да Арзууларым эч бир умутун узуп тугонбоду Сизди суйуп бирде бийик коктомун🙆🙆🙆 Сиздиии суйуп бирде жакыр кедей боксомун Сизден сезип аруулукту тунукту💖 Сизди суйуп азыр такыр озгомун... Сезсениз экен журогумдо булук тушконун😉😉😉
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added January 1 at 03:56
Эгер келсе, баардык нерсе колумдан, Узуун-узуун омур сатып алмакмын. Ачкыла деп эшик , терезе каккылап, Жаны жылдык белек кылып бармакмын.🌞🌞🌲🌲 Эгер келсе,баардык нерсе колумдан, Эсеби жок ден соолукту алмакмын. Жакындарымдын эшиктерин каккылап, Жаны жылга белек кылып бармакмын.🌞🌞🌲🌲 Эгер келсе, баардык нерсе колумдан, Ачык маанай, конул сатып алмакмын. Адамзаттын эшиктерин каккылап, Жаны жылдык белек кылып бармакмын🌞🌞🌲🌲 Эгер келсе, баардык нерсе колумдан, Куржун толо ыйман сатып алма
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added January 1 at 03:55
Каякта төрөлгөнүңдү билбейм. Качан төрөлгөнүң да маанилүү эмес. Мага бала болуп келишиңден баштап Кудайга мен жооп берем... Тагдырдын буйругу менен Беловодскийдеги балдар үйүнө барып калдым. Ал жерде Кудайдын эрке пенделери жашайт... Себеби, баары акыл-эси кем төрөлгөндөр. Жетекчиси абдан сонун эже экен. Светлана Такырбашева эжем менен таанышып калдым. Оорулуу балдардын арасында эки татынакай таза балдар бар. Бири кыргыз бири орус дейт. Чакырсаңыз десем Артём экөңөрдү жетелеп келишти. Ошол күн а
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added January 1 at 03:53
Ата эне тен омурун балам чакам деп откоруп жиберет экен,бар болсун ата энелер... Базар учар кылдым кимге, балам учун Бардан алып, жоктон жонуп бар кылдым кимге, Балам учун Дангыратып тойлор кылдым кимге, балам учун Жалтыратып уйлор салдым кимге ,балам учун Бирок эмне кылдым мени тууган ,энем учун Дуйнодо эн жакшы адам, атам учун Дасторкондун турлоп жаздым кимге ,балам учун Кээде семирдим кээде аздым ,балам учун Ээхх кимге гана жагынып жалындым балам учун Акылдан да адашып кала жаздым ким учун
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added December 10 2019 at 20:57
*🔘Адамдарга акыйкат жагат,бирок өздөрү жөнүндөгүсү эмес.* *🔘Базарга барсаң тиленип тилемчи бирөө олтурат, бирок ошол тилемчинин үйү сеникинен заңгыраган.* *🔘Кээде төкүн - чачын жашоо үчүн ар намысты четке койуп чыдоого туура келет.Ооба,эмне болуптур, кымбат машинаң,төрт кабаттуу үйүң,бирок өзүң айбан болосуң.* *🔘Тышкы көрүнүштү эсепке албаганада инсандын намысы болбосо, айбандан анчалык деле чоң айырмачылыгы болбойт.* *🔘Жашообуз ушунчалык жасалмалуулукка толуп кетти, натыйжада кайсы
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added December 7 2019 at 16:17
Эсеби жок сан ойлор санаасы коп Эсим кетет сарсанаа салып кундо Эзилип ооруп турган журогумду Эгесине тапшыраар кун да келет Арманы жок жан болбойт тируу кезде Айласын таап жашаганга кудай берет Алтымыш жыл жашасан да орду менен Адамзатка жарашып ошол деле жетет Бир созду оор корсом бир соз женил Бир бармагын тиштесен тигиси да ооруйт кемип Болуп болбос создордон конул ооруп Бошошомун ошол создон конул тонуп Сезгичтигим аттин ай сезимталмын Сезгим келбейт ар кандай дуйно таарын Кесип эле алып
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added December 4 2019 at 14:55
АДАМ БАРКЫ Өткөн бир замандарда карыяга жаш бир жигит келип.: -Сизге келген себебим –ѳзүмдү абдан керексиз жана пайдасыз сезип жатам,жадагалса жашоого да кызыгым калбады.Айланамдагылардын баары мени кара жолтой деп,колуңдан бир иш келбеген кѳк мээсин деп жатат.Таксырым,мага жардам берсеңиз!- деп кайрылат. Анда карыя кѳп кѳңүл деле бурбастан,шашып жооп узатты: -Кечиресиң,азыр убактым тар эле жана азырынча жардам бере албайм.Маанилүү бир жумушум бар,ошону бүтүрүшүм керек. Бирааз ойлонуп кайрадан:
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added November 28 2019 at 17:25
Тук тук суйуу келди эшигин кагып, Журокту куйкалап шамын жагып, Жалгыз пеери ешик аччы бери карап, Жылмайып кош келдин деген созду айтып, Кыскасы танышам ыймандуу кыздар менен уй булоо куруу максатта
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
added November 19 2019 at 04:44
Уулубуз учук улап калган кезде Урматтап эне ордун баскан кезде Кызыбыз кызыл гулдой жайнап Кызматын коруп кыркка чыккан кезде Ушакка улутунуп башым ийип багынып Уу тилдерге оз эркимди алдырып Уурдатпайм кээ бироого оз бактымды Уучтатпайм озум учун уйумдогу тактымды Суйлосо суйлой берсин оозу кыйшык Суйлогонго оозу кыйшыкка мыйзамым жок Соз деп эле солпоктоп суйлогонго Соз менен жаман айтып актангым жок Кез келсе тушунушоор бирок кеч Керексиз создор учун капа эмесмин эч Келгенде кездешууго
Show more
11 644 participants in the group
Жат Терезеде Оскон Гулдорум.💔 Автор бул повестте өзүнүн туруктуу темасына – аял тагдырына кайрылат. Чыгарманын башкы каарманы Гаухарга башына түшкөн бардык мүшкүлдөрдү жеңип чыгып, бактысы үчүн күрөшүүгө адамдык ички кудурети жана сүйүүгө муктаж аялдык жана энелик жүрөгү дем берет. Аллоо-ху – ахба-р-р!.. .” “Алло-оху... ” Күнүгө мени таңзаарда чакырылган азан ойготот. Жер жарый элек болсо да шаарды уйкудан козгоп, биз жашаган мааладаги бир нече мечиттердин бийик мунараларынан чыккан коңгуроодой шаңдуу дооштор аба жарып алыска-алыска жаңырыктайт. Муазиндердин жел аргыдай коңур, же чучуктай сызгырылган ичке муңайым үндөрү бирин экинчиси улап, же жарышкандай үн алышып, тирүүлүктүн дагы бир жаңы башталган улуу күнүн ыйман келтирип, намаз окуу менен тосуп алууга чакырат. Бүгүн да ыргагында бир укмуш керемети бар азанды укканда жан дүйнөм термеле түштү. Бирок, жылуу төшөк менен таңкы ширин уйкуга илинбей туруп, даарат алып, багымдат намазын окууга бел байлай элекмин. Же ал үчүн да убакыт-сааты келиш керек окшойт. Коңшунун дарбазасы кыйчылдап ачылды. Үй ээси Улугбек аке азанчынын үнү басыла электе адатынча шашып-бушуп мечитке жөнөйт. Андан көп өтпөй эле жаш келини чаканы калдыратып, пешайванына суу чачып кирди. Өзүнүкүн бүткөндөн кийин көчө-жолдон баштап биздин үйдүн дарбазасынын алдынан бери мизилдетип шыпырып коюучу бул келинге жүрөгүм элжиреп, ичимден ага жакшылыктарды тиледим. Эрте менен туруп сыртка чыкканында суу чаң басыларлык болуп себеленген, күзгүдөй жаркыраган таза жерди көрүүнүн өзү кандай ырахат. Төшөктөн ушундай жагымдуу сезим менен козголдум. Түнү бою жаап чыккан нөшөр басылып, жымжырт. Терезеге келип, асманды карасам үзүм булут жок чанкайып ачык. Жамгырга жуулуп, ыраңына чыккан жазгы жашыл дүйнөгө, жаш жалбырактардын жытына мас болушкандай үрүл- бүрүл жарыкта эле куштар шаттанып сайрап жатышты. Бирок, жанымда балдарымдын жоктугун туйганымда көңүлүм чөгө түштү. Үй-жайы бөлөк атасы алып кеткен сайын күн өтпөй эле ушинтип жалгызсырап каламын. Уул-кызымды оюнчуктары да эстете берет. Көмкөрөсүнөн түшүп, тоголонуп жаткан түктүү агыш мамалак, жиби сүйрөлгөн “Камаз”, чачы сеңселген “Барби”,кайсынысына көзүм урунса эле жүрөгүм “тыз” эте түшүп жатты. Оюнчуктардын ээси бала экен, аларга жан киргизип ойногон эч ким жок, менден бетер томсорушканы ансайын кусамды арттырды. Эч нерсеге дитим чаппай, жумшак жана баео мамалакты боорума бекем кысып алып, балдарымды ойлоп олтурдум. Эртең эле алар “апалап” булбулдай сайрашып, эшиктен энтелеп кирип келишерин ойлосом эбеденим эзилип, ансайын сагынычым күчөй түшөт. Ошол учурду элестетип алып-учкан кусадар оюмду бузуп телефон шыңгырады. Аялдын үнү: – Эже, кандайсыз? Бүгүн үйдө эле болосузбу? Мен да базарга чыкпадым. Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле. Бош элесизби? Азыр барсам болобу? “Базар” деген сөздөн улам ким телефон чалганын дароо билдим. Чоң базарда соода кылчу Гаухар аттуу келин менен көптөн бери көңүлүм ысык болуп жүрөт. Экөөбүз ойдо жок жерден таанышканбыз. Кайсыл бир күнү май базарды аралап жүрсөм: “Букен эже, менден май алыңыз”, – деп калды бейтааныш аял. Мени таанып чакыргандан сөзүн кыя албай жанына басып бардым. “Комоктун” ээси 35 жаштардагы ак саргыл чырымдуу келин экен. Эски таанышымдай жылуу учурашып: “Кандай май аласыз, эже?” – деп сурады. Катар-катар секичелерге май куюлган кооз этикеткалуу идиштер ашемдүү коюлган. Мен сатуучу келиндин жарык маңдайына, карылардыкындай токтоо, эстүү көздөрүнө ишене сүйлөдүм: – Өзүң тандап берчи, сиңдим? – “Алтынай” берейинби, эже? Холестрини жок, жакшы май. Баш ийкешимди эле күтүп тургансып, илбериңки кыймылдап, мөлтүрөгөн тунук май куюлган бөтөлкөдөн үчтү жаңы пакетке салып жатканын ичим жылый тиктедим. Соодада да ызааттуу мамилеге тартылат экенсиң. Мүмкүн, мени тааныганы үчүн ушинтип сыйлап жаткандыр деп да ойлодум да: – Мурдаштык болосуңбу, сиңдим? – деп сурадым. – Айылымдын менден кийинки чоноюшкан жаштарын көп деле тааныбай калдым. Өздөрү озунуп учурашса ушинтип сурайм. Келин иймене күлө бакты: – Жок, эже, мурдаштык эмесмин. Сизди сыртыңыздан тааныйм. Майды колума карматып жатып: – Сиз жазуучу Букен Молдоева эже болсоңуз керек. Китебиңизди окугам. Телевизордон да көрүп жүрөм. Көп өтөсүз буерден. Акча сунсам: “Жок, эже, сизден албайм!” – деди чын дилинен. Экөөбүз ошондо канча акыйлашсак да майдын акысын алдырта албай бушайман жегемин. Кийин да ал келинди көрүп жүрдүм. Базардын ичинде үч жерде “комогу” бар экен. Улам бирөөнө өзү олтуруп соода кылса, калгандарында да анын таалимин алгандай элпек, жароокер кыздар иштешет. Кардарды имере тартып, купулуна толо тейлегенге аябай маш болуп бүтүшкөнүн байкайм. Бирок, Гаухардын мамилесинен да, көздөрүнөн да акчага жутунуу сезилбейт. Анын “комокторуна” киреше өзү эле байма-бай агып келип жаткансыйт. Бир жолу менин оюмду туйгансып сөз арасында минтип айтты: “Мен тыйындын артынан кубалаган жөнүм жок, эже. Тапканым кызым экөөбүзгө кеңири жетет. Ашыкчанын кереги жок. Эмне үчүндүр базарда олтурсак эле баары ач көз, дүнүйөкор деп ойлошот экен. Андайлар деле көп. Бирок, ачкачылыкты башынан өткөргөн адам азга эле топук кылып калат окшойт, эже...» Бул кош маанилүү сөзү өзүнө алда- нени эстеткендей сурмалуу көздөрү жашылданып, жер тиктеп улутунуп алган. Ошондон кийин: “Сиз менен жай олтуруп сүйлөшсөм дейм...” – деп көп жолу айтты. Убакыт-сааты бүгүн жеткен экен. Телефондон Гаухарга “Үйгө келе бер”, – деп коюп мейман камын көрө баштадым. Дем алыш күнүм конок тосуу менен өтөрүнө ичим ачыша түшсө да, эже-сиңдидей болуп бараткан келин менен сүйлөшүүнү өзүм да дилимден каалап турдум. Гаухар көп күттүргөн жок. Алпейим адамдын жоомарттыгы менен баштык толтура көрөн-шерен көтөрүп алыптыр. Мен да белендеп койгон тамак-ашымды дастарконго коюп, жай сөзгө кирдик. — Букен эже, сиздин “Мен көргөн жаздар” деген китебиңизди кокусунан окуп калдым, ошондон бери бир сүйлөшсөм деп эңсеп жүрчү элем. Сизди мага кудай жеткирди окшойт... Китебиңизде өзүңүз жөнүндө жаздыңыз беле? Окурмандардын ушундай суроосуна көнүп бүттүм. Каармандарым менен өзүмдү бир кишидей көрүшүп кызыксына беришет. Аларга түшүндүрөм деш куру убарагерчилик. Ошондуктан, Гаухардын бул баео түшүнүгүн жокко чыгарбай, туюк гана жылмайып койдум. Сөзү болсо айтып, ичин бошотуп алсын деп үнсүз күтүп олтурам. Улам бошогон пиалага чай куюп кулак салдым. – Сар-санааңды жалгыз көтөрүп жүрө берсең ушунчалык оор жүк болот экен, эже.... Ишенесизби, элге окшоп каткырып күлө албастыгымды жакында байкадым. Ошондон бери шаңкылдап ачык күлчү адамдарга суктанып жүрөмүн. Мен төрөлгөндө эле шорго жаралган жан болупмун. Эки жашымда апам көчөгө таштап кетиптир. Бечел да окшойм, басалбай ыйлап олтурупмун. Көргөндөр ата-энеси барбы деп иликтешип, эч ким чыкпаганда милицияга тапшырышыптыр. Бул жөнүндө өзүм чоңойгон балдар үйүнүн тарбиячысынан уккам. Эс тартканымдан баштап бул жөнүндө кайра-кайра сурай берчүмүн. Карыган тарбиячы менин өмүр башатымдын ушул бир үзүмүндө чоң маани жаткандай айтып жатканында үнү муңкана калтырап, көздөрүнө жаш келе түшчү: “Кызыл күрмөңдүн чөнтөгүнөн алакандай кагаз чыкты. Аты-жөнүң, туулган ай-жылың жазылыптыр. Андан кийинки сөздөр алигиче көз алдымда турат: “Мен кызымды жаман жолго түшкөнүмдөн таштаган жокмун. Багууга кудуретим жетпей калды. Ким тапса соопчулук үчүн балдар үйүнө тапшырып коюнуздар, көптөн көп өтүнөм. Жаным кызым, аман бол! Алым жетсе кийин келип алып кетермин. Алдейлеп ак сүтүн берген апаңды кечир?!” – деп ал кургур ыйлап олтуруп жазган окшойт, кээ бир тамгаларына көз жашы тамчылап, сыясы жайылып кетиптир”. Апамдын бул аманат катын кийин өз көзүм менен көрдүм. Интернатта жашап жүргөнүмдө “өздүк делом” колума кокусунан тийип калды. Ичинде ошол кагаз бар экен. Мен аны кайра-кайра окудум. Эне-атага кусадар өксүк жүрөк тушума басып алып буркурап ыйлап, жытын искедим. Көз жашыма жууп, сансыз ирет өпкүлөдүм. Менин да качандыр ак сүтүн эмизип алдейлеген, бешенемден сүйгөн, колуна көтөрүп эркелеткен апам болгондугун күбөлөндүргөн бул кат э н ыйык таберик, баа жеткис кымбат эстеликтей сезилди. Апамдын катынан ажырагым келбесе да балалык кылып кайра “өздүк деломо” салып, тапшырып койгонума ушул күнгө чейин катуу өкүнөм. Бирок, бул кат мени өзгөрттү. Өзүмдү кичине кезимдегидей эч ким сүйбөгөн, эч кимге кереги жок томолой жетим сезбей калдым. Жалгыздыктын жүрөк сыздаткан муңун күтүү алмашты. “Алым жетсе кийин келип алып кетермин” деген сөздөр мага убададай сезилди. Мен күтүүдөн тажабадым. “А атамчы?! Атам ким болду экен?” деген суроо кез-кезде бейпайга салчу болду. Ал кандай киши болсо да жаман ойго кыя алчу эмесмин. “Апам экөө ээрчишип келип калышса...” деген алдамчы кыял мени күнү-түнү жол каратты. Бала үчүн балапан канаты жетиле электе ата-энеден ажыроодон өткөн азап жок экен, эже. Мага жан берип, жарык дүйнөгө жаратып койгондон кийин көчөгө таштап кеткен апам менден өтүп азап тарткандыр. Миң толгонуп, эмчеги зыркырап туруп жазганына караганда жаман деле адам эмес го. Бир кызын бага албай баш тартууга мажбур болсо мындан башка ылаажысы калбаса керек. Кайрылып келе албай калса кийин деле жакшы күн көрбөсө керек деп ойлойм. Олдо, апам ай! Кичине кезимде таштанды тагдырымдын, бактысыз балалыгымдын сай-сөөгүмдү сыздаткан ызалыгы менен кээде сени мен жек көрсөм көргөндүрмүн. Азыр жүрөгүмдө кылдай кирим жок. Кайра аяп кетем. «Кайдасың, апа? Тирүү болсоң бир кабарыңды билдирчи? Жердин жети түбү болсо да издеп барайын!» – деп зарлайм. Азыр табышсак да кеч эмес. Кызыма кошуп өзүңдү алпештеп бакпас белем... Өксүк өмүрүңүн бардык кейиш-муңун унуткаргызып, көкүрөк жытыңа тойбой калган арманымды жууп, күнү-түнү дидарыңан көз албай тиктесем, алаканыма салып бөпөлөсөм, сыйымды көрүп төрүмдө олтурса кандай бактылуу болор эле дейм. Апамдын өңү-түсүн, кыял жоругун элестете албасам да энелик ак сүтүнүн даамы оозумда тургандай, көкүрөк жылуулугу дилиме сиңип калгансып, ой-кыялымда эч бир түңүлө албай койдум, эже. Бул бейоопа дүйнөдө качандыр болсо да ата-энем менен табыштыра көр деп Кудайдан тилеп жүрөм, эже. Кайталанып жуктолду. Уланат.....
Мирай Тажибаева
30 Apr 2019
Эртерээк куттурбой👍👍👍
  • 0
Мама и Сын
30 Apr 2019
  • 0
Азис кызы Мен
  • 0
М К
30 Apr 2019
Сонун
  • 0
Жылдыз Иманбаева
30 Apr 2019
Тезирек.Сураныч
  • 0
Алмакан Бакирова
1 May 2019
Чыгарма жакшы жазылган мурун окугам дагыокуймун
  • 0
Сабира  Жаанбаева
1 May 2019
Жакшы чыгарма экен 💐💐💐
  • 0
Октомкан Тажимаматовна
3 May 2019
Соз жок соонун чыгарма мен Мурдашка келинмин абасы таза жаратылышы кооз,элдери мейман дос.👍👍👍🙏🙏🙏
  • 0
Ikibal Aby Kasimova
  • 0
Mairam Sarieva
  • 0
Mairam Sarieva
  • 0
Log in or sign up to add a comment