Урматтуу мектеп - интернаттын окуучулары! Кымбаттуу Манас жаштары уюмунун мучолору! Силерди 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк Жаштар күнү жана Кошунга кабыл алуу аземи менен куттуктайм! Силерге каалоом спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүргон окуучулардан болгула. Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларды ачып Кыргызстанды дуйного тааныткан инсандардан болсонор деп умуттоном. Майрамыңар менен, ардактуу окуучулар! Силерге бекем ден-соолук, бактылуу өмүр, ийгилик, келечектеги жеңиштерди каалайм!»
  • Класс
" *Окуу керемет!"* Ай, ааламдын сырларын, Акындардын ырларын. Дүйнө элинин тарыхын, Маданият, намысын, Достук жана ынтымак, Адилеттик, калысын КИТЕП бизге үйрөтөт, Чечен кылып сүйлөтөт. Кайырма: Барактасам беттерин, Дүйнө тааным кеңеет. Окуйлучу досторум, Окуу кандай керемет. Окуу керемет! Окуу керемет! Окуу кандай керемет! Чен-өлчөмдүн баарысын, Туюнтманын маанисин. Үйрөттүң математика, Так илимдер ханысың! Сандар менен амалдар, Ар кандай фигуралар. Колдонобуз турмушта, Так эсептейли, балдар! Кайырма: Жаңылбастан аткарса, Аң сезимиң кеңеет. Так эсепте, досторум! Окуу кандай керемет. Окуу керемет! Окуу керемет! Окуу кандай керемет!
ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН АКЫЙНЕГИ Помидор (капустага): Кабат-кабат кийинип, Арык суусун шимирип. Курсак сылап жатасың, Жалкоолугуң билинип. Капуста (помидорго): А сен кийип жупжука, Чыдабай ысык-суукка. Эзилесиң үзгөн соң, Туруп калсаң бир сутка. Сабиз (картөшкөгө): Бир өзөктүн астына, Он-он бештен сыясың. Же бышканың билинбейт, Бозоросуң, турасың. Картөшкө (сабизге): Бир өзөктөн болгону, Бирден гана чыгасың. Кызарсаң да укмуштай, Мен бышканда бышасың. Пияз (баклажанга): Сабагыңда самсаалап, Башың ийип өсөсүң. Жуунбаган сыяктуу, Кирдеп калган өңдөсүң. Баклажан (пиязга): Кеп өңдө эмес даамда, Сендей ачуу эмесмин. Туурагандын баарысын, Ыйлатайын дебесмин. Сарымсак (кызылчага): Канга толуп бүт дене
БАЛДАРГА БАЗАРЛЫК! Эл аралык эне тил күнүнө пайдаланыңыз ТИЛ ИЛИМИ БОЮНЧА АКЫЙНЕК (Оңдолгон вариянты. Бул оюнга 20 окуучу катышса болот). 1. Бул акыйнек башкача, Кызыктуураак көрүнөт. Тил илими жөнүндө, Суроо-жооп берилет. Жооп берген жеңет да, Үнсүз калган жеңилет! Акыя, акыя! Акый, акый, акыя! 2.Анда кана курбулар, Ойду кенен талкуулап. Айтышалы акыйнек, Билим, күлкү тартуулап. Берген достор курч суроо, Жакшы сезим калтырмак. Акыя, акыя! Акый, акый, акыя! 3. Тил илими катары, Карт тарыхта катталган. Кайсы өлкөдө биринчи, Тил илими башталган? Бул улуу иш кандайча, Өсүп,-өнүп такталган? Акыя, акыя! Акый, акый, акыя! 4. Билбей калат чыгар деп, Туура эмес бил, мактанган! Тил илими байы
Показать ещё