Фильтр
Атама

Урмат-сый болду сиздин тумарыныз.
Эл учун эмгектенип тынбадыныз.
Окутуп баарыбызды окуу жайга,
Атаке озунузду кыйнадыныз.

Биз кеттик ар кимибиз ар тарапка,
Баш ийдик кор оокатка, турмуш шартка
Атаке озунузду сагынамын,
Шум ажал алып кетти кай тарапка?

Азыр да элесиниз коз алдымда
Сагынып эстей берем кайра-кайра
Дайыма болчу элениз тоодой жолок,
Турмуштун соккусун жеп кыйналганда.

Узатып жоноттунуз мени алыска
Сагынып баргым келет жол алыс да
Кутпостон козду жумуп кетиптирсиз....
Кантейин, дале журом мен арманда.

21 06 2012ж.
Показать ещё