Көз ооруларынын тубаса, кийин пайда болгон, катуу кармаган жана өнөкөт түрү болуп, бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Көз ооруларына жалпы организмдин оорулары, мисалы, жугуштуу (келте, кургак учук, кептөөр, бруцеллёз жана башка), мите (мисалы, эхинококк), эндокрин (кант диабети жана башка), кан тамыр (гипертония оорусу), кан оорулары (ак кан оорусу), түрдүү шишиктер (саркома, рак), борбордук нерв системасынын оорулары (менингит, мээнин шишиги), витамин жетишсиздиги, ошондой эле көздүн урунуусу, күйүүсү, чаңдын көзгө түшүшү, түрдүү химиялык, физикалык таасирлер себеп болот.
Көздүн ичиндеги басымдын жогорулашы глаукома оорусуна алып келет. Трахома, глаукома, көздүн күйүшү, көз нервинин атрофи