Журоктордун ачкычы Алла Таалага чексиз мактоо-алкыштар, сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) сансыз салаваттар жана Анын (саллаллаху алейхи ва саллам) сахабаларына эсепсиз салам-дубалар болсун! Акыркы 10-15 жылдын ичинде эгемендик өлкөбүздө адамдык асыл баалуулуктар иликтөөгө алынган, динибиздин тазалыгын даңазалаган көптөгөн басылмалар жарык көрүп, жалпы журтчулуктун руханий көрөңгөсүн бийик деңгээлге көтөрүүгө опол тоодой салым кошуп келе жатат. Элдин руханий дүйнөсү канчалык таза, бай болсо, жашоо турмушу дагы ошончолук жакшы болот. Бүгүнкү күндө жашообузда канчалаган илимдүү, билимдүү, турмуш шарты жакшы бай адамдарды көрүп жүрөбүз. Бирок, турмушта кимдин ким экендиг
Жетимдин конулун котору. Бул окуяны Сарий Сакатий маалымдаган: «Айт күнү даңазалуу устат Маруф Кархийдин көчөдө курманын данегин топтоп жүргөнүн көрүп таң кала суроо узаттым. Ал мага буларды айтты: – Ушул конушту аралап баратып кичинекей өспүрүмдүн ыйлап жатканын көрдүм. Жанына барып эмне үчүн ыйлап жатканын сурасам, чогуу ойногон достору сыяктуу кийими, оюнчугу жок жетим экендигин айтты. Анын сөзүн укканымда жүрөгүмө ок сайылгандай абалда калдым. Ошол себептен курманын данектерин чогултуп жүрөм. Эми, буларды сатып жанагы балага кийим-кече, оюнчук алып берем... Устаттын кичипейилдиги, ак ниеттүүлүгү, айткан сөздөрүнүн таасири көөдөнүмдү элжиретип салды. Устаттан уруксат сурадым: – Устат
  • Класс
Алланын алдында кабыл болуучу жакшы иш. Давуд Таиге жан дилден кызмат өтөп сабак алган шакирти күндөрдүн биринде эт бышырып устатына кабар берет. - Бир аз эт бышырдым эле, уруксат этсеңиз алдыңызга алып келсем? Улгайган устаттын сүкүткө сүңгүгөнүнө күбө болгон шакирт этти алып келет. Эттин керемет жыты буркурап шилекейди чуурутат. Бирок, аалымдын ою такыр башка жактан чыгат: - Баланча, түкүнчө деген жетимдерден кабар алдыңбы, абалы кандай экен? - Өзүңүз билгендей...деп жүрөк жылытар жылыш боло электигин маалымдайт. - Ошондой де.. Анда мобул этти дароо ошолорго жеткир! - дейт кабатырланып. - Устат! Сиз көптөн бери эт жей элексиз. Атайын сизге деп даярдадым эле.. - деген жароокер шакирт
53504266535047

Макала токтому

Добавлено видео
53504266535047

Макала токтому

Добавлено видео
00:48
VID-20181229-WA0029.mp4
167 просмотров
*Жаны жылдын Исламдагы окуму* Жыл сайын так ушул учурда декабрь айы аяктаарда телевидение, радио жана басма сөз аркылуу “Жаңы жылды” тосууга карата ар кандай үгүт иштери күч алганын байкабаган адам жоктур. Азыркы күндөгү кыргыз үчүн Жаңы жылды тосуу жаңылык деле болбой калды окшойт. Жаңы жыл жеке эле Кыргызстанда эмес, жадагалса мусулман өлкөлөрүндө да салттуу майрамга айланып баратат. Кайсыл жерге барбагын, кимисине жолукпагын, жашы-карысы дебей Жаңы жылды тособуз деп жанталашып жүгүрүп жүргөнүн көрөсүң. Көчөгө чыксаң да, автобуска олтурсаң да түрлүү-түрлүү “Жаңы жылдык” жаңырыктарды уга берип тажайсың. Муну менен эле чектелип калбастан, Жаңы жылдын шылтоосу менен атайын майрамдык шан-шөө
Показать ещё