Фильтр
"ДОСУМ ДУШМАН"

Душман издебе алыстан,
Айттырбай келет капыстан.
Тагдырын татту болгондо,
Соккуну урат артындан.

Жанында журот акырын,
Билгизбей сага жагынып.
Убагы келген учурда,
Шылтоолоп качат тарынып.

Жашоодо болот ак-кара,
Абайлап байка сен ага.
Байкабай калсан бир азга,
Туртушот сени баткакка.

Атаандаш болуп иш кылса,
Аргымак торун ыргытса.
Ак пейил болуп сен ага,
Жардам кыл дайым унутпа.

Досум деп сени ойлогом,
Достуктун колун мен чозсом.
Каршы мага иш жасап,
Калба менде дос мансап.

АВТОР ;ЖИГИТ
  • Класс
БАБНИК ЖИГИТ

Жанга жакын Жыпара,
Андан ашат Нурзада.
Тең келбейтко баарынан,
Мееримин төккөн Айзада.

Айлап жүрдүм ал менен,
Жүрөккө такыр жетпеген.
Айзаданы унутуп,
Айжамалды таптым мен.

Айжамалым деп жүрүп,
Аны дагы алдадым.
Айжамалдын курбусу,
Нуржамалга көз арттым.

Нурум, күнүм, айым деп,
Бир нече ай сүйлөштүм.
Андан сулуу кыз көрүп,
Нуржамалды таштадым.

Эс алганы барып мен,
Жактырганым Лейлектен.
Жамандашып, жаакташып,
Алыстады ал менден.


Эриткен ширин сөздөрү,
Элиза кайда жүрдү экен.
Энчилеп аны алсамбы,
Эх айлам, кетти карачы.

Кер маралдуу келишкен,
Байдын кызы дегизген.
Акмаралдуу периштем,
Сени издеп келдим мен.

Алтыным мен чырагым,
Алмашкыс жалгы
КӨҢҮЛ АЙТАМ

Каректерден коздун жашы улам агып,
Тик учактан кыргыз элим каза табып.
Бир тууганы агасынан бир ажырап ,
Кыйын болду жаш балага кайгы салып.

Угуп калып ошол замат кырсыкты ,
Телелерден жаман ушак чыр чыкты .
Кыргыз элди эки жарга тик болгон,
Асып салса жакшы болмок бул кызды.

Энекелеп ыйлап турат жаш бала,
Элжиреп чоңойсун эми, тек гана.
Көңүл айтып жалпы кыргыз элиме,
Жардам болсун ушул ырым тек гана.


АВТОРУ :К. М. А

(САМАРКАНДЕК ).
Жакшылык иним

Жакшылык иним жандашым,
Жашоодо жакшылык жандасын.
Жамандык эч бир келбестен,
Жамгырдай жашын акпасын.

Томолой жетим калсаңда,
Таянар тоодой элин бар.
Таштабайт сени эч жерге,
Тик болгон дайым аскадай.

Каалайм эми жакшылык,
Кабак-кашын ачылып.
Калкына кызмат кылгын сен,
Каткырып дайым ачылып.

АВТОРУ: К. М. А

(САМАРКАНДЕК).
  • Класс
Показать ещё