Бул келиндин аты- Аида, баласынын аты- Тариэль.
30-январда болуп өткөн Стромынка көчөсүндөгү өрттө жолдошу менен 4 жашар уулу Даниэлди жоготкон келин.
Өрт учурунда төрөт үйүндө эле.
Ошол кезде Аиданын жаңы төрөлгөн уулу Тариэлге кийим-кечектерди, оюнчуктарды, подгузниктерди жана акчалай жардамын Москвадагы мекендештер чогултуп, жардамын берген (https://ok.ru/profile/563266965069/statuses/65008204207437 )
Аида Алтуфьево шоссесиндеги өрттү угуп, дароо эле эң алгачкылардан болуп кайнагасы аркылуу картага кичине кошумчасын кошкон.
Мындан ары да, өрттө каза болгон мекендештердин балдарына колдон келген жардамын берип турарын жазды.
Жазган ырларын окусаң, ыйлагың келет.
Аман болсун, баардык ка
Ортто каза болгон эже-синдилерибиздин сооктору кечээ Москва убактысы боюнча 14:15те Кыргызстандан атайын жиберилген самолет менен алып кетишкен.
Кайрымдуу мекендештерибиз каза тапкан кыздарыбыздын балдарына деп акчалай жардамдарын берип жатышат. Жардам бергендердин тизмеси, толук отчету созсуз элге берилет.
Ортто каза болгондордун 6 эненин балдары мектепте окушат. Алардын окуусуна жанталашып тынымсыз иштеген апалар мектепке аз калганда каза табышты.
Копчулугу балдарын атасыз багып, уйлорундо жалгыз баккан энелер болгон экен.
Эми ал балдарды биз баарыбыз багалык!
Чогулган каражатты 5- сентябрда жыйынтыктап каза болгон 14 адамдын жакын туугандарына тен болуп, жиберебиз.
Андан кийин Фейсбукта
Мектепке аз калды. Саналуу күндөр. Сүрөттөрдөгү 7 эненин балдары да барат мектепке.
Ким даярдайт аларды мектепке? Окуусуна жетишип акча таап жөнөтөйүн деп тынымсыз иштеген апалардын ордун ким басат?
Ата-энелер!
Келгиле, маркум эже-синдилерибиздин балдарына керектүүсүн даярдайлык биргеликте!
Биздин балдарыбыз 1-сентябрда мектепке барса, маркумдардын балдары.... боздоп жер тепкилеп ыйлашат.
Ал балдарга эне боло албасак да, жөлөк бололук!
Маркумдардын балдары тууралуу маалымат:
1. Бообекова Гульбара ( 16.07.1971-27.08.2016)
Балдары:
- Нурланбеков Адилет - 1998
- Нурланбекова Сайкал- 2005
2. Абдуганиева Жаркынай ( 16.02.1982-27.08.2016)
Уулу:
- Акжолбек уулу Кудретали - 2003.
3. Мамат
Москвадагы мекендештер!
Бүгүн 28-август саат 12:00до өрт болгон жерге келип, каза болгон 17 кыз-келиндин жакындарына көңүл айтып, алар менен бирге бололук!
Дареги: м.Петровско-Разумовская
282-автобус менен 37 минутада жетесиздер. Остановка " Гостиница Восход"
Толук адреси: Алтуфьевское шоссе дом 5, корпус "А"
Негизи метро Владыкинодон жакын, бирок бүгүн ал метро жабык экен.
Мекендештерге маалыматты жеткирелик!
#Элге_отчет
Кыргызстандагы интернаттагы кароосуз калган балдардын мектепке бара турган рюкзагына деп жарыя жазганбыз.
ОФ "Защита прав детей- сирот" " фондунун жетекчиси Игорь Беляев 100 рюкзакка каражат жетишпей жаткандыгын жазып, чет жактагы мекендештерден жардам сурап кайрылган.
Дароо эле эн алгачкылардан болуп Кыялбек Калбаев: " Баарын эле мен алып берем" деп жазып, марттык кылып 28 000 рубль которду.
Жыйынтыгында картага 37 437 рубль топтолуп, Кыялбек Калбаев рюкзактарды алып берсе, калганын табарсыгы сыртына чыгып торолгон кичинекей боордошубуз Аянанын операциясына берелик деп чечкенбиз.
Отчет:
37 437 рубль
- 28 000 рубль - 100шт. рюкзак
- 280р - 1% комиссия которуу учун систем