Булут:
-асмандагы ак булут алдыдагы ийгиликтер жөнүндө кабар берет. Ал эми кара булут - ишиңдеги кыйынчылыктар. Булут тарап күн ачылып кетсе - көздөгөн максатың орундалат.
Балта:
-ойлогон оюң ишке ашат, ал үчүн көп эмгек талап кылынат, ал үчүн көп эмгек жасоого туура келет. Тааныштарың балта менен иштеп жатса - жакшы жышаан, көңүлүң ток болуп, санаа кайгыны унутасың. Кыздын түшүнө балта кирсе - жигити бай болбогону менен адамгерчиликтүү адам болот. Сынган же дат баскан балса - акчаңдан айрыласың же сасык тумоо.
Байке, ага, бир тууган:
-буларды түштө көрүү - жакын арада көңүл иренжиткен сөздөрдү угасың. Эгерде бир тууганыңдын өлүп калганын көрсөң - өмүрү узун болуп, бактылуу болот, душмандарыңдын саны азаят.
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Түпкү ата тегибизден бери ата бабаларыбыз түшкө аябай маани берип келишкен.Түштү келди эле кишиге жоорута беришкен эмес.
Түш жөнүндө айта берсек мисал көп.<<Түндө жатып түш көрдүм, түшүмдө жакшы иш көрдүм>>деген түш аяндары жөнүндө көп эле окуп же угуп жүрөбүз.Адамга аян көбүнчө түш аркылуу гана берилет.Ошондуктан урматтуу окурман түш көрсөңөр аягы эмне менен бүтөт деп сарсанаа болбой <<Түш жоруу>> деген групага кирген болсоңуз алдын ала билген болосуз.Анткени <<Түш жоруу>> групасы аныкталып, такталып, илимий изилдөөнүн негизинде жарык көрдү. Групага ийгилик каалоо менен бирге сиздерге бейпил түн, жакшы түштөрдү көрүүнү каалап.
Група Админи.