Современные технологии и религия Ислам нашли в сфере способов знакомств в интернете для мусульман свои способы. Для них появились специальные сайты знакомств, а в соц...
Нөшөрлөп жазгы жамгыр жаап жатты,
Негедир жүрөгүм сыздап жатты.
Сенин айткан сөздөрүңдү күндө эстеп,
Бук болуп көздөрүм ыйлап жатты.
Жүрөктөгү ак сүйүмдү арнап жаттым,
Сүйүмө ишенбей кыйнап жаттын.
Кечир мени сүйөрүңө ишенбейм деп,
Ал сөзгө жүрөгүм ыйлап жатты.
Тамчылай көздөн жаш эч бир тынбай,
Тамчылап жамгыр сымал агып жатты.
Тагдырым өчөшкөндөй бир мага,
Сүйүмдөн да дайым мени бөлүп жатты.
Мейли кеткин эгер мени сүйбөсөң,
Кете бергин эгер мени сагынбасаң.
Сенсиз деле өмүрүм өтө берет,
Кийин сен өкүнүп сыздабагын.
Жашоомдон ак сүйүмдү тапкан кезде,
Өкүнүп сен жолукпагын кайра мага.
Элесиңди унутаарда кезигип сен,
Азапка чалдыктырба кайра мени...
Автор: Абдура