Т тамгасынан башталган макалдар.
«Тур —
тардан»
кабар келсе, уйкудан маза
кетет.
Таалайлуу менен талашпа,
бактылуу менен байлашпа. Таалайлуу менен талашып
иш кыл, бактылуу менен
байлашып иш кыл.
Таалайыңа эмнени жазса,
ошону көрөсүң.
Таамай сөз таяктан катуу. Тааныбагандын (жердин) ой
—чуңкуру көп.
Тааныбасты сыйлабас
Таанымал жерде бой сыйлуу,
тааныбас жерде тон сыйлуу.
Таанысаң Тынаймын, тааныбасаң Кудаймын.
Таап алсаң да санап ал.
Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт.
Таарынгандыкы таттуу.
Таарынсаң, Таласка бар.
Таасирдүү сөз — тарбияга көмөктөш.
Таба кылбай тобо кыл.
Табарман эрден тубарман бээ
өтөт.
Табыпчы дартка жолдош.
Тагдыр бактылууну сүйөт, бактысызды сүйрөйт.