ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
128-130-сериялар:
КОФЕ ИЧҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ
Баязид менен Селимдин тирешүүсү Кара
Ахмед пашанын улуу вазирликтен
түшүүсү, анын өлүм жазасына тартылуусу
менен аяктайт. Фатма султан жесир
калганы аз келгенсип, бир тууган агасы
Сулейман султан тарабынан хан сарайдан
куулат. Анткени ал Хүрремге каршы элди
тукуруп, көзү ачыкка барганынан
пайдаланып, Хүрремди таш бараңга алып
өлтүрүүнү тапшырат. Көзү ачыктан
«көңүлүңдүн төрүн ээлеп турган уулуң
такка отурбайт» деген сөздү угуп жаткан
жеринде анын өмүрүнө кол салуу
башталат. Бирок Хүррем таяк кармаган,
таш ыргыткан адамдардан коркпой,
алардын алдына чыгат. «Мустафанын
көзүн тазалаткан орус желмогузду
өлтүрөбүз» деп