"КОШ ЖҮРӨК-КОШ АККУУ"(11) Келгенсип эн акыркы мүнөттөрү, Тартылып аянычтуу сүрөттөрү. Жашоодо, айткылачы, кандай кыйын, Жаныңда сүйгөнүң жок күн өткөрүү. Кептелип бир оорунун азабына, Түн тушуп айдай сулуу ажарына. Айсулуу бир кылчайбай кете берди, Сүзүлүп кайра келбес сапарына. Күйүтү кучтуу беле сүйгөн жардын, Биле жур сүйгөнүң жок дүйнө тарын. Асан да күйүтүнөн кете берди, Артынан калбай ээрчип сүйгөн жарын.
    0 комментариев
    15 классов
    "КОШ ЖҮРӨК-КОШ АККУУ"(9) Күчтүүсүн көргүлөчү сезимдердин, Антташкан КОШ АККУУНУН эзилгенин. Арзышкан ашыктарды ажыраткан, Аллахым, мерез жанды кечирбегин. Көрбөсүн мындай күндү жандар башка, Каректер толбосунчу ысык жашка. Кудайым бакыт берсин түбөлүктүү , Арзышып табышышкан эки жашка. Ошентип туткун аккуу дарманы жок, Ажалдан ажыратып алганы жок. Жарынын кучагынан кулап түштү, Сүйүүдөн мандайына жазганы жок. Түгөйү каректери ысык жаштап, Көздөрү карангылап алачакмак. Асманга көтөрүлүп бир топ алыс, Жан берди кайра жерге боюн таштап.
    8 комментариев
    13 классов
    ''КОШ ЖҮРӨК-КОШ АККУУ''(7) Көргөндө адамзатын алыс жактан, Бүлүнүп туш тарапка уча качкан. Бул аккуу жалтанбастан уруп өтөт, Талашып сүйгөн жарын бул тузактан. Ошентип Асан келди Айсулууга, Көргөнүн токпой-чачпай жай айтууга. Айсулуу угуп бүтүп:-Койбер,-деди, -Жанбиргем убал болот Аккууларга. -Жок,-деди Асан ага каршы чыгып, Аккуунун кош канатын салды кыркып. Акырын короосуна кое берди, Союуга эн биринчи суу ысытып.
    1 комментарий
    7 классов
    ''КОШ ЖҮРӨК-КОШ АККУУ''(5) Көргөндө ал аккуну көзү жайнап, Кубанып, музун чагып кармап алат. Жарына сорпо кылып бериш учун, Жаш жигит үйүн көздөй шашып барат.
    4 комментария
    7 классов
    "КОШ ЖҮРӨК-КОШ АККУУ"(1) Ал кезде ойноок мүнөз бала элек, Ар ишке айдактама, чала элек. Аталар сөз баштаса уламыштуу, Аларга кулак түрүп калар элек. Бир тойдо бир аксакал сөзгө тетик, Сүйлөсө мандай тиши жарк-жарк этип. Ортодон сөздү алып кызык кепти, Ортого кылган эле баян этип. Далай жыл өтсө дагы арбын-арбын, Көңүлдө ошол кеби аксакалдын. Эмесе ал баяндан кеп козгоюн, Балдарым, жакын келип кулак салгын. (уландысы жакында)
    4 комментария
    8 классов
Событий пока нет