Свернуть поиск
Правая колонка
🌿 Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?" - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет:
"Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм."
🌿 Укугу тепселген адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.
🌿 Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.
🌿 Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.
🌿 Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.
🌿 Өмүр бүтсө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.
🌿 Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм.
🌿 Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин түшүндүм.
🌿 Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм.
🌿 Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм.
🌿 Ата- энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан сөзсүз ошондой мамиле көрөрүңдү түшүндүм.
🌿 Жалкоолонуп эч нерсе кылбай ар кимден суранган адамдын ырыскысын, Жараткан кем кылып коёорун түшүндүм.
🌿 Чыныгы ыклас менен кылынган тилек -бата, сөзсүз бир күнү кабыл болоорун түшүндүм.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2