
Досторум билинбегени менен Сайкал экөөбүздүн ортобуздагы сүйүүгө кызганып жүрүштү. Унчукпай жүрүп эле бир сонун кызды чаап алдың го деп калышчу. Чындыгында Сайкал шаарда чоңойгон абдан сулуу, назик кыз эле, бирок ага карабай айылдагы чоң энесинин тарбиясын сиңирип алган тарбиялуу кыз. Ушул кыз менин өмүрлүк жарым болот деп чечкен күндөн баштап анын ата-энесинин ишенимине кирүүгө аракет кылдым. Аны дагы ата-энем менен тааныштырдым, Сайкал апама абдан жакты. Сайкал экөөбүздүн тең үйлөнүп, үй-бүлө күтө турган жашыбыз келип калган.
Ал жыйырма төрттө, мен андан үч жаш улуумун. Үйлөнүү тууралуу айтсам, «бир аз эрте, мен медициналык академияны бүтүрүп алайын» деп акырын жооп берип койчу. Ошондон улам тапкан каражатымдын баарын үйлөнүү үлпөткө жумшаймын деп чогултуп, сактап жүрдүм.
Арадан эки жыл өттү, сүйүктүүм окуусун аяктап, диплом алды.
Ар бир жолугушууда менден өзгөчө бир нерсени күткөндөй суроолуу жүзү менен карап калаар эле.
Анын үйлөнүү сунушу боло турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканын сезсем дагы, чечкиндүү кадамга баруудан тартынып жүрдүм. Себеби, атам: «агаң Бакыт үйлөнө элек, анын жолун сыйлабай кесип өтүүң келесоолук» деп айтып урушукан эле.
«Агаң менен жол талашып жарышпа, кызың даяр экен эмнеге шашасың» деп апам дагы атамды коштоп туруп алды.
Ал эми агамдын үйлөнө турган кызы да жок болчу, анткени ал түз эле жумушка кетип, түз эле кайтып келүүчү "мугалим" эле. Отузга чейин жүрүп эки гана кыз менен сүйлөшкөн жигитке кыз таба калуу оңойбу?
Апама «агама эптеп кыз таап бер» деп жалдырап жүрүп бир кызды тааныштырдык, бирок экөө бир-эки жолу жолугушкандан кийин эле мүнөздөрү келишпей «болбойт экен» деп баш тартышты.
Аны уккандан айлам кетип, Сайкалга болгон жагдайды ачык айтууга батына албай жүрдүм. Ошентип эки айды да артка калтырдык.
27-июлда сүйүктүүм 26 жашка толду. Бул маанилүү датага өзүмдү даярдай баштадым. Ресторан тандап, ичин кооздоп, торт заказ кылып чуркап жүрсөм элдер башкача ойлоп калышыптыр. Чамасы үйлөнүүгө сунуш жазап колун сурайт деп ойлошкон окшойт. Туулган күнүнө келген достору, Сайкалдын эжелери, жезделери, инилери “бактылуу болгула, багыңар ачылсын, сени сыйлаган, баркыңды билген инсанга жолуктуң” деп тилектерин айтып жатышты. Бирок менин чечкинсиз экенимди, үйлөнүүгө сунуш жазабагандыгымды Сайкалга айтышып мени жамандап салышыптыр.
– Мен сенден сөз айтабы деп күтсөм бирок мени тууган арасында басынтып уят кылдың го.
Марс, мен жаш эмесмин, турмушка чыгып балалуу болушум керек. Агаңды күтүүгө убактым да жок, ушу менен баары бүтсүн анда деп артын карабай терс бурулуп басып кетип калды. Артынан канча чуркадым, кечирим сурап кат жаздым бирок такыр жазылбай койду. Бир күнү кымбат белегим менен гүл алып Сайкалга жолугуп, анын көңүлүн алмакчы болдум. Бирок ал аракетим эч бир жардам берген жок. Ошондон көп узабай эле Сайкал апасынын курбусунун Бишкекте турган баласы менен таанышып ага турмушка чыгып кете берди.
Аны укканда дүйнөм урап калгандай эле болду. Ошондон кийин эч нерсенин кызыгы жок болуп жашоом караңгылыкка айланды. Кечкисин достор менен жолугуудан калып иштеген жумушум да маанисиз болуп кетти. Досторум болсо "силерге көз тийди" дешкенин койбойт. А мен мунун баарына атамды күнөөлөдүм, аны менен жолукпай сүйлөшпөй да койдум.
Сайкалдын турмушка чыгышын эле күтүп жүргөндөй агам да көп узабай тез эле үйлөнө койду.
«Мына эми келинчек алып келсең боло берет» деген апамдын сөзүн угуп күйбөгөн жерим күл болуп кетти. “Эми баары кеч болуп калды, болду эми башка эч үйлөнбөймүн” деп акыркы сөзүмдү айтып, Бишкекти көздөй жөнөй бердим. Жумушумду алмаштырып, көңүлүмдү калтырган адамдардан алыс болууну самап жүрдүм. Бир жагынан жаңы жашоо баштап, жаңы чөйрө тапкым келди. Ошентип жүрүп эки жыл өтүп кетти. Бир күнү Сайкалды көчөдөн жолуктуруп калдым. Миллион киши жашаган шаардан Сайкалды жолуктуруунун өзү мага кызык болсо бир жагынан кубандырып койду. Аны менен кафеге барып сүйлөшүп отурдук. Ал-жайыбызды сураштык. “Мен жолдошум менен ажырашып


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Саякал менен кайра жолуккандан бери бети-башыма кан жүгүрүп, жашоого болгон кызыгуум кайра күчөгөндөй болду. Мен аны менен жолуккум келе берет. Бир-эки жолу жолуктук. Бирок батынып “үйлөнөлү” деп айта албай жүрдүм. Бирок бул жолу ким эмне десе дагы сүйүктүүмдү жоготпоого бел байладым. Атамдын, ападын жана башкалардын сөздөрү мени кызыктырбайт эми. Анын баласын өз баламдай чоңойтуп, Сайкалды бактылуу кылсам деп ойлоп жүрөм.
М.Жумагулов.
Пикир калтырып, каттала кетиңиз