Свернуть поиск
Правая колонка
(Баштан откон чыныгы окуялар)
25-26-БӨЛҮМДӨРҮ
Андан да акырын, шыбырагандан бир аз катуураак суроо узатты:
- Кыздар канчадасынар?
- 17 .
- Аа....жакшы...
-Атыңар ким болот?
-Мырзайым.
-Элнура
- Кыздаа..р, айлыгы абдан эле аз. Анан...(бир аз үшкүрүнүп) бир ай иштеп качып кетпейсиңерби? Анткени, кичине балдар, улам бир жардамчыга көнө албай кыйналышат.
Бири-бирибизди карап, ачык суроонун жообуна жылмайдык. Ыңгайсыз жылмайганыбызды ал да коштоп койду. Үстөлдүн үстүндө турган китепке көзүн кадап, ойлуу: Силерди кайсы топко бөлсөм? Мм..кечээ Үмүткө бирөөнү жибергем. Таак...- деп ордунан козголуп калды эле, биз да жол бошотуп, коридорго чыктык. Жаш балдардын жомок каармандары менен кооздолгон балдар бакчаны аралай басып бараттык. Аңгыча тапыраган балдардын үнү угулду. Эшикте ойноп жүргөн балдар чыры-чуу менен кирип келатышат. Биринчи эле, кичине топтогу балдарга баш бактык. Майдараак балдарды көргөндө, мен ичкери кирбедим.
Башчы айым бир саамдан кийин чыгып:
-Жүрү, эми сени жайгаштырайын- деп сол тарапты көздөй басты. Сыртында "Орто топ" деп жазылып турат. Ырас, алар бир жашка болсо да чоңураак экен.
- Аида, мынакей сага жардамчы...
Абдан жаш, кара тору мага түспөлдөш келген , бою менден бир аз узунураак келген эже:
-Мм... деп башыман , ылдый сыдыра караганга жетишти.
Ички дүйнөмдөн тың экенин сездим.
-Мырзайым, бүгүнчө жакшылап таанышкыла, көргүлө. Анан кетээрде айтып койгула ээ. Иштейбиз же жок деп макулбу?
-Ии.. макул.
Алымкан айым чыгып кетти
Үстөлдүн үстүндө чоң, гүлдүү сыр чакада суюк тамак, сыр мискейде коюуу тамак турат. А Аида эже тыпылдап, кеселердин ичине бирден аш кашык салып, ирээти менен коюп жатты. Жанына басып барып:
-Эже, эмне жардам керек - дедим.
-Адегенде колуңдү жууп аласың да ээ- деди.
"Оо.., азамат эже экен го!" -дедим, ичимден.
Жуунучу бөлмөгө кирип баратсам, аркаман кирип:
-Мына бул сүлгүгө аарчы ээ...
-Ии..
Эженин жумушун так аткарып иштегени мага абдан ынанып турду. Жууп бүтүп жанына бардым. Мени карап:
-Ашканада, табада нан турат алып келсең.
Кесилген бөлкө нандарды идиши менен көтөрүп бардым. Ал мени карай:
-Кеселердин жанына, бир кесимден коё бер!
Өзү кичинелерди карап:
-Балдар! Колдорубузду жууйбуз! Жүрүгүлө!
Чурулдаган балдар жуунучу бөлмөгө чуркашты. Тарбиячы эже кошо кирди. Көрсө, ар биринин жеңин түрүп берип, өз сүлгүсү таап берип турат экен.
-Айтурган арбуздун сүрөтү тартылган сеники...ай Санжар сеники ал эмес, гүл тартылып турганы...
-Ики, мен кыз эмесмин...
-эртен машина чаптап коём ошого аарчын атын жазылып турат...
Ушул сыяктуу үндөр кулагыма угулуп жатты. Шамдагайлар жуунуп бүтүп,отургучун көтөрүп келип, үстөлдүн чекесинен орун табышууда.
Баары отурган соң:
-Балдаар! Тамагыңар таттуу болсун!
Жалпы:
-Рахмат.
Түшкү тамак башталды.Экөөбүзгө да тамак куюп:" Кел, ал, тамакка кара" - сөзүн улай:
-Каяктан болосуң?
-Көлдөн.
-Аа...каягынан?
-Тоң.
-Мен да көлдөн болом. Бостериден. Канчанчы жылкы болосуң?
Айттым.
-Сизчи?
Сырдуу күлүп:
-Канча бересиң?
-Менден үч-төрт жашка улуусуз го?
-Аа...иий, сенин интуицияң абдан күчтүү го? Таптың.
Тамак үстүндө ушинтип сүйлөшүп отурдук. Тамакка табити тартпай жаткан балдарга көңүл буруп:
-Кана, кимдин оозу чоң? Кана, кана... Ким биринчи түгөтөт? - деп бөбөктөрдүн атандашуусун күчөтүп жатты. Эжем ордунан жеңил туруп, экинчи тамакты салып берди. Мен да оозумду ачпай. кир болгон идиштерди идиш жуучу ашканага ташый баштадым.
-Мырзайым кел, чай ичип алалы. Азыр булар укташат. Сен бугүн кечке чейин болосуңбу, же кетесинби?
-Кечке чейин эле болом го?
-Анда жакшы.
Балдар тартипке көнушүптүр. Тамак ичип бүткөн соң, отургучтарын сүйрөп, кай бири көтөрүп келип, кийимдерин чечип, ирээти менен отургучка бүктөп коюп жатышты. Алардын, беттерин тултуйтуп, кылып жаткан кыймыл аракеттерин көрүп, тим эле ичим эз-з-зилип, барып тур-руп,мыкчып- мыкчып, өөп-өөп алгым келип жатты.
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5