Свернуть поиск
Правая колонка
Күндөрдүн биринде Баcра шаарынын акими бир аз дем алуу үчүн өз багына барды. Багынын өтө кичи-пейил, намыскөй жана өтө сулуу аялы бар эле. Аким баягы сулуу аялды көрөөрү менен дили уйгу-туйгу болуп, ышкысы ага ооп калды. Ал көп ойлонбой туруп эле бир ишти аткарып келүү үчүн багбанды бактан алысыраак бир жерге жөнөтүп жиберди. Анан ал багбандын сулуу аялына тезинен бактын бардык эшиктерин бекитип келүүнү буюрду: Аял кайтып келээри менен, аким: "Бардык эшиктерди бекитип келдиңби?" - деп сурады эле, аял болсо ошол замат токтолбостон бир эшикти бекитүүгө эч качан кудуретинин жетпей тургандыгын айтты. Аким анын себебин сурады эле, багбандын аялы мындай деп жооп берди:
— Ал эшик — менин жүрөгүм, тагыраак айтканда күйөөмө өтө терең берилүүмдүн эшиги!
Аким бул сөздү уккан соң көпкө чейин кылжаалаттанып:
— Карындашым, мени кечирип койгун, — деп өз оозу менен жасаган кылмышынан катуу бушайман болуп, багбандын аялынан кечирим сурады.
Ой гүлдөрү китебинен

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3