
Аялдар жок жашоону элестетип көрдүм, курсак ачканда бир жаныбарды өлтүрүп жеп, терисин гөлдөлөң кылып үңкүрдө уктап эле жата бермек экенмин. Жашоо курсак менен уйкунун айланасында эле.🤣
Адам ата ушундай кылыгы менен Кудайды тажаткан болуш керек, аны жазалап кабыргасын сындырып аялды жаратып, мындан ары сеники жашоо эмес - турмуш менин сыноомдон өтөсүңөр. Көбөйүп, өсө бергиле кийин эсептешем деп, батасын берип чарба иштери менен алектенип кетти.
Ырахатты түшүнбөгөн эркекке аялы мага тиги керек, бу керек деп эркелеп, эт жегим келбей калды мен веган болом деп назданып. Балким, талгак болуп чөп-чар, жер-жемиш жегенди үйрөтөт. Ошентип жер иштетүүнү өздөштүрүп, дыйканчылык пайда болот.
Эркекке кооз гүлдү үздүртүп, кооз жаныбардын терисин сыйрытып, көрпөгөгө эмес комфортто жатканда эле берем дей берип, эркекти эмгекчил, оокатчыл кылып, кыймыл-аракетке түртүп, мотивация берген берекеге айланды.
Ошентип алгачкы эркекти аялы аны үңкүрдөн сүйрөп чыккандыктан биз жаралып калдыкда. Акылдуу, назик аялзатына баардык жакшылыктарды каалайм, көздүн карегиндей мамиле кылышыбыз керек. Сиздер жок өмүр жок!
Аалам эркек үчүн жаралса, дүйнө аялзаты үчүн курулган деп, ойлоп калдым.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8