Свернуть поиск
Правая колонка
63-64-БӨЛҮМДӨРҮ
Москвага жетип эле Эдуард, мейли досум Фрунзеге жакшы барып кел, Алтынай ата - энеңе бизден салам айтып кой биз Мария экөөбүз Москвада эле болобуз,- деди.
Мейли ак жол жакшы жетип алгыла,-деп кол булгалады Мария.
Фрунзеде болсо Бүбүайша телефондун жанынан чыкпай Алтынайдын телефон чалуусун күтүп жатты. Майрамбүбү апа, Валя апа, кыздар болуп конок келет деп даярданып жатышты.
Күмүш бир ыйлап басылып, Эсенбек менен үй ичин актап, сырдап, кызым турмушка чыкса оорусу кыйнайт го, - деп сарсанаа болуп жүрдү.
Жансайдын ата - энеси да чыдамсыздык менен күтүп жатты, эшик такылдаганда, Фарида апа каалганы ачып, - оо саякат кандай болду? - Чарчаган жоксуңарбы, - деп кучагын жайды.
Жакшы деп күлүп биз сиздерге белек алып келдик, деп изумруд шуруну алып чыгып моюнуна такты,
- апа бул сизге өтө жарашат деп ойлойм деди Алтынай.
Ата бул белек сизге, - деп күмүш саптуу сакал алгычты Паратка берди.
Апасы көрдүңбү бизди балдарыбыз унутпай белек алып келиптир, кубанычтамын, ыракмат балдарым, өркүнүңөр өссүн, - деп алкады Парат.
Жансай мен үйгө телефон чалып келсем болобу, деп сурады Алтынай.
Мен да кошо барайын андан ары жатаканага барып, сумкаңды кошо ала келебиз, мен жардам берем, деди Жансай.
Мейли балдарым көп кечикпегиле, кечки тамакка келип калгыла, деди Фарида.
Телеграфка барып Фрунзеге заказ берип көп күтпөй эле Фрунзе бешинчи кабина деп чакырды.
- Алло угуп жатам Алтынай сенсиңби деген үндү жазбай таанып,
- ооба мен Бүбүайша апа деп сүйүнүп кетти Алтынай, анткени бүт сырын жашырбай Бүбүайша апасына айтып, ой бөлүшүүнү туура көргөн.
Экзаменди жакшы тапшырдыңбы кызым, ден соолугуң кандай, деп сурады Бүбүайша.
- Апа баары жакшы экзамандерди бешке тапшырдым, шейшемби күнү учабыз буйруса.
Ошол жөнүндө айтчы кызым, деп сурап жиберди Бүбүайша.
Апа мен өтө бактылуумун, Жансай аттуу группалашым менен барам дегенде..., - коё турчу Алтынай ал жигит менен сүйлөшүп жүрсөң керек, чынын айтчы, деди Бубүайша.
- Ооба апа экөөбүз бири - бирибизди жакшы көрөбүз, өзү дагы мыкты жигит, ата - энеси жакшы адамдар, мен бактылуу болом апа, деп толкунданды Алтынай.
- Анча көп толкунданба, ооруп калба, өзүң айткандай бактылуу болсоң болду кызым, - деди Бүбүайша.
Силерди күтүп жатабыз, сагындык, мейли көрүшкөнчө, деп трубканы койду Бүбүайша.
Оо кудай кызым кенедейинен интернатта жашады үй-бүлө ичинде, бир туугандары, ата - энеси менен жашаган жок, эми үй бүлөлүү күтүп, очор - бачар болсун, деп көзүнөн жаш тамчылады, кубанычтын жашы, деп аарчып койду Бүбүайша...
Алтынай жатаканага барып сумкасын жыйнап алып Жансай экөө үйдү көздөй жөнөдү.
Кирип келишсе үйдө майрамдык маанай, текчелеринде гүл, стол жасалган, эки бейтааныш аялдар отурат,
- келдиңерби балдарым таанышып алгыла, бул Сейил,
- Алтынай сенин эжең болот Фрунзеден, эки жыл болду келгенине, мени менен чогу иштейт, бул болсо коңшубуз Вера, деди
Фарида.
Саламатсыздарбы, мен Жансай, мен Алтынай деп таанышышты.
Эми колуңарды жууп столго келгиле балдарым, - деди Фарида.
Алтынай колун жууп, ашканага барып, Светага жардам берип даяр салат, түрдүү даамдарды столго коюп жардам берип жатты.
Баары отурганда, Сейил, Вера силерди чакырганымдын себеби, балдарым бири - бирин жактырышып жүрөт, Алтынайдын ата - энеси алыста болгондуктан, силердин күбө кылып , Алтынайга сөйкө салайын дегем, бул күмүш сөйкөнү мага кайын энем салган, деди.
Алтынай тартынып четте туруп калды эле, Сейил Фариданын жанына жетелеп келди, сөйкөнү салып жатып кызым өмүрлүү бол, уулум экөөңөр бактылуу болгула, деп маңдайынан өптү.
Карачы куп жарашып калат экен деди Вера.
Бактылуу болгула, деп жатышты. Фариданын көзүнөн жаш тамчылап, баштапкы кеткенин өзү байкабай калды.
Аэропортко жөнөп жатып атасы Жансайга акча берип балам, барганда эле чоң атасынан маакулдугун сура, салт ошондой, жол алыс болуп жатпайбы болбосо куда түшүп бармакпыз, сен эми бой жеттиң, өз бактың үчүн күрөш, - деди Парат.
Маакул ата, сиз айткандай болот деди Жансай.
Бул Алтынайдын ата - энесине, туугандарына белек, ичинде казазга жазылуу, алып эле бере бересиң, кур кол барба деп, бир чемодан карматты Фарида.
Оо ыракмат ата - апа биз келгенче жакшы туруңуздар, деди Жансай.
Алтынай жакшы калыңыздар - деп коштошту.
Машина жүрө бергенде эле Фарида Паратка башын жөлөп ыйлап баштады,
- оо кой байбиче жаман жорук баштабай, карачы уулубузду -ыймандуу, акылдуу, татынакай, келиндүү кылганы турат, демек экөөбүз татыктуу уул тарбияладык.
Уулубуздун Москвадагы шайыр-шатман, максатсыз жашоосу артта калды, - байкадыңбы? Жашоого олуттуу карап, токтолду. Алтынай бизге мыкты бүлө болуп берет, ынтымактуу жашап, бала - бакыралуу, болсо эле болду, деди Парат.
Аның туура шайкелең, чылым чеккен, көчөдө жүргөн бир кызды ээрчитип келсе эмне кылат элек, өмүр бою азабын тартмакпыз, балдарыбызга ыйман бермин, - деди Фарида.
Самолётто уктап келе жаткан Алтынайды карап, чарчады, эс алсын деп ийинине ыйңайлатып башын жөлөп койду Жансай.
Улам колун кармап коёт үшүгөн жокпу деп. Жеңил жууркан таратып жаткан стюардессадан алып Алтынайды кымтып жаап өзү да уктап кетти.
Фрунзе шаарына келип конду дегенде гана, Алтынай кондук көзүңдү ач деп ойготту, Жансай.
Ким күтүп келди экен бизди, - деп күлүп карады Жансайды.
Эмне толкунданып жатасыңбы, менин туугандарым өтө жакшы кишилер, сени өз уулундай кабыл алат ишенип кой, деди Алтынай.
Ооба, ишенем, бирок толкунданып жатам, деди Жансай.
Траптан түшүп эле тосмонун ары жагында, күтүп тургандардын ичинен ким келди деп көзү менен издеп баштады.
Бир убакта, - "эже" - деп кыйкырган Зарлыкты көрүп кол булгалады.
Алтынай менен катар келе жаткан Жансайды карап, азамат,- өз бактысы, өз сүйүүсү үчүн күрөшкөн мыкты жигит, мен Жансайды колдоймун, деп ичинен ойлонуп, бир кезде Момун тайкеникине барып Бүбүайшаны бактылуу кылам дегени Алымбектин көз алдына тартыла түштү...
Апа кандайсыңар, сагындым, Зарлык иничегим менин чоңоюп калган го, деп чуркап келип бетиенен өптү.
Алымбек ата саламатсызбы, апамдар, Сабырбек атам күүлү - күчтүү жүрөбү? Деп сурады Алтынай.
Таанышып алыңыздар бул мени менен чогу окуган Жансай, дегенде... Алымбек колун сунуп - Алымбек, сени күтүп жатканбыз, бул киши болсо Күмүш апаң, бул жигит кичинекей баатыр Зарлык деп таанышты.
Машинага отургула үйгө кеттик, - деп Алымбек, машинаны айдап жөнөдү.
Үйгө жете бергенде күтүп турган Кубат, Жаркынай, Толгонай, Чолпонай биринен - бири өтүп Алтынай менен учурашып Жайсан менен таанышып жатышты. Ой балдар бизге жол бергиле, - деп Сабырбек ата, Майрамбүбү апа, Валя апа, Наташа, Бүбүайша, Эсенбек ата, Алтынай менен учурашып, Жансай менен таанышып жатышты. Үйгө киргиле деп чоң столго баары отуруп, алакан жайып аман - эсен келишиңер менен деп бата берип, чайга отурушту.
Тамак ичилип бүткөндөн кийин Кубат конок балабыз Жансай менен бульварда басып келбейсиңерби, Москва болбосо да шаарыбыз таза, жашыл, - деди Алымбек.
Мен да барсам болобу, -деп суранды Жаркынай.
- мейли барып келгиле, - деп уруксат берди Алымбек.
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4