Свернуть поиск
Правая колонка
«Кудайдан кайтат!» Кээде биздин бүт болмушубуз ушул эки эле сөзгө баткандай сезилет. Эмнеге? Себеби, кыргыз эч качан кошунасы ач олтуруп, өзү тойо тамак жеген эмес. Бирөө жардам сураса, ага көз жумуп караган эмес. Эч качан бирөөнүн нанын тартып алып, алардын көз жашына калбаган. Алакан жайып, кайыр сурап отурган адамдарды эч качан айланып өткөн эмес. Жок дегенде аларга боору ооруп, ичинен жакшы тилек кылып өтөт.
Себеби бул — биздин канга сиңип калган адамдык касиетибиз. Бул биздин гана эмес, Адам атадан тараган бүт адамзат баласынын болмушунда бар нерсе.
Чынында да, жасалган жакшылык Кудайдан гана кайтат. Бүгүн жардам берген адамың эртең эле сенин жакшылыгыңды унутуп кетиши мүмкүн. Бирок Жараткан — эсепке так, бардык нерсени Билүүчү, Адилеттүү жана жасаган жакшылыгыңдын сообун эселеп кайтаруучу.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5