Анын өмүрү 36 жашында үзүлдү. Ал - өмүр бою сүйүүгө суусаган, перзент көргүсү, бекем үйбүлө күткүсү келген аял болуп кала берди. Анын эңсеген бакыты - жандүйнөсүнүн тынч алышы эле. Жеке жашоосу менен чыгармачылыгында өзү эңсеген телегей тегиз болбой, жандүйнөсү тынч албаган бойдон кетти. Анын драмалык ролдо ойногусу келген максаты кыял боюнча калып, бардык режиссерлорго ал эротикалык гана эрмек болду. Миң-миңдеген эркектер анын керемет денесине гана көз артып, миллиондогон аялдар аны сугунан өткөрүштү. Мерилиндин жашоодогу трагедиясы - сулуулук ага ашыгы менен берилгендигинде эле.
"Каалайсыңбы, бетимди бычак менен тилейин!"
Мерилин Монронун чырайы, азгырыктуу жылмаюусу, керемет мүчө келбети гана эмес, мүнөзүндөгү ак көңүлдүгү, өтө сезимталдыгы, пейли да атагы менен кошо таанылып, бардык күйөрмандарында өзүнө болгон сүйүүнү жаратты. 1926-жылы 1-июнда Лос-Анжелесте туулган актриса Нью-Йорктогу актердук студияда окуган. Балалыгынын жакырлыкта өтүшү, энесинин ажаандыгы, өспүрүм кезинде өгөй атасынын зордукташы, балдар үйүндө тарбияланышы ага жалгыздык менен ыза-кайгыны эрте тааныткан. Ким билет, эгерде табият берген Кудай периштесиндей сулуулугу болбосо, тагдыр ташы кандай өкчөлөт эле... Турмушка жаш чыгып алган актриса күйөөсү менен тез эле ажырашкан. Алгач фотомодель болууга чакырылып, кийин манекенщица болуп иштеген. 1947-жылы биринчи жолу башталгыч актриса катары эпизодго чакырылган. Өзүнүн 16 жылдык карьерасында 29 фильмге тартылып, "Алтын Глобус" сыйлыгына татып, комедиялык улуу актриса катары таанылган.
Ошентсе да актриса өзү максат кылган драмалык ролуна жете албады. Далай актерлор, режиссерлор анын драмалык талантын танбаса да, роль берүүгө келгенде баары андан сексуалдуу, азгырыктуу гана айымды көрүп, мелодрама менен комедияга гана чакыруу менен чектелишти. Ф.Достоевскийдин "Биртууган Карамазовдор" чыгармасындагы Грушеньканын ролу, анын ички дүйнө менен сырткы дүйнө күрөшүн чагылдырган монологу жүрөгүндө жашачу. Экран бетинен окулбай калган ошол монолог, ошол ролу ишке ашканда, ал тарыхка олуттуу, эрки күчтүү айым катары да кирет беле... Эгерде оюнда багып жүргөн монолог менен тасмага тартылса, ар дайым күлүп жүргөн анын кабагы бүркөлүп, мөлтүрөгөн эриндери шыбырап эмес, кыйкырып айтмак: "Сен менин ич дүйнөмдү билбейсиң, Ракитка! Каалайсыңбы, мен өз көркөмүмдү сыйрып таштайын. Керек болсо азыр эле көркөмүмдү көңтөрүп таштайм! Мүмкүн анын алдына чыгып, "Менин ушундай кебетемди көрдүң беле" деп кыйкырармын. Сулуулугумдун быт-чытын чыгарып, бетимди күйгүзүп, бычак менен тилип, садага сурап тентип кетермин! Оюңда, Ракитка, мени мындай кадамга баралбайт деп турасыңбы? Айтканымды жасайм, бир гана суранарым, менин жинимди козгобогула!" Ушул сөздөрдөн кийин Грушенька айгай салып кыйкырып, бетин эки алаканы менен басып жаздыкка кулап, ийиндерин титиретип боздоп ыйламак. Мына, Мерилин Монронун кыялындагы роль ушундай эле.
Кино айдыңынын чокусуна жомоктогудай тездик менен көтөрүлгөн актрисанын ар бир кыймылы гезит-журналдарга жазылып, сүрөттөрү тандалбай басылып, миллиондогон тиражда таркатылган. Ал эми атактуу америкалык жазуучу жана драматург, коммунисттердин санаалашы Артур Миллерге турмушка чыкканда, актрисанын айланасындагы чуу ого бетер күч алды.
Артур жана Мерилин
"Мен билген, көргөн адамдардын ичинен баарынан өзгөчө эле. Башка дүйнөнүн башатындай болчу. Ал 60-жылдардын адамдарынын катарына кирди. Бирок, ошол 60-жылдар келелекте эле ал өз эмгегин бул жылдарга сиңирип койгон", - деп айткан ал тууралуу жубайы Артур Миллер. Экөө алгач 1950-жылы чыгармачыл чөйрөдө кезигишет. Ошол күнү Мерилин драматургдун акыл көрөңгөсүнө, интеллектисине таң берген. Кийинки үч күнү да экөө жолугушуп, актриса ага чыныгы досторду күтө албай жүргөнүн, элдер аны дене катары гана кабыл алышарын, ошондон улам өксүк сезими менен кыйналып жашарын айткан. Миллер ага Нью-Йорктогу актердук окууга кетүү кеңешин сунуштайт. Ошол бойдон экөө беш жылдан кийин гана, 1955-жылы Нью-Йорктон жолугушуп, сүйүү баяны ошондо башталат. Мерилин анда жыйырма тогузда, Артур болсо кыркка чамалап калган. "Миллер алсыздыгымды, өзүмө болгон ишенбөөчүлүктү жеңүүгө чоң жардам кылды. Андан жылуулук менен жаркын маанай чачырап турчу. Артур мени өзгөрттү" деген Мерилин. Экөөнүн үлпөт тоюнда Миллер нике шакекке "Июнь 1956. Азыр жана ар дайым" деп чектирип, ал эми Мерилин үлпөт сүрөтүнүн артына "Үмүт, Үмүт, Үмүт" деген жазуу калтырган.
Наристени абдан эңсеген Мерилиндин боюнан үч жолу түшөт. Ал уйкусуздуктан жапа чегип, дайымкы депрессияга кабыл болот. Бара-бара чыдамкай Артур да актриса жубайы менен алышкандан чарчайт. 1961-жылы 20-январда Мексиканын Хуарес шаарынан экөө сот аркылуу "мүнөздөрүндөгү келишпестик" деген түшүнүк менен ажырашышат.
Кеннеди кланы. Мерилиндин табышмактуу өлүмү
Мерилин өзүн-өзү өлтүрдү деп элге жар салынса дагы, киножылдызынын өлүмү жөн жерден эместиги жөнүндө кырк жыл бою сөз жүрүп келген. Анын ойноштук сүйүүсүн президент Джон Кеннеди менен да, биртууганы Роберт Кеннеди менен да байланыштырышып, актриса ЦРУнун, мафиянын, Кеннеди кланынын курмандыгы болду деген имиштерди айтып келишкен. Бирок, мындан бир жарым жыл мурун австриялык жазуучу, азыр Лос-Анжелесте жашап аткан Филипп Мор тарабынан миңдеген баракчалардын арасынан табылган ФБРдин документ кагазынан улам өлтүрүүнүн төбө чачты тик тургузган сценарийин жандырышты. Мерилиндин өлүмүнө АКШнын ошондогу юстиция министри, президенттин биртууганы Роберт Кеннединин түз тиешеси бар экени далилденүүдө. Андан тышкары, голливуддук актер Питер Лоуфорд, Монронун психиатр дарыгери Ральф Гринсон (убагында ал эмоционалдык кризистен дары-дармексиз чыгууга жардам берчү) жана үй кызматчысы Юнис Мюррей да көз тазалоодо бирдикте болушкан. Алар Мерилиндин уйкусуздугун, психикалык абалын пайдаланышып, дарыгери "секонал" баңгизатын көп өлчөмдө колдонууга жазып берип койгон. Актриса өтө кыйналып жардам сураган убакта үй кызматчысы үйдө болуп, психиатр менен телефон аркылуу байланышкан. Бирок, дарыгер таза абага чыгып дем алсын дегенден башканы айткан эмес. Эртеси күнү, 1962-жылдын 5-августунун таңында, телефонду басып кучактаган тейде керебетинде жаткан жансыз денесин көрүшөт. ФБРдин отчетунда төмөнкүдөй айтылат: Кеннеди аялы менен ажырашып, Мерилинге үйлөнүүгө сөз берет. Жар кырында турган карьерасына да жардам кыларына ишендирген. Бара-бара алданганын сезген актриса телефон аркылуу аны менен араздашып кетет да, экөөнүн мамилесин элге жарыя кылуусу менен коркуткан... Ушундан улам Кеннеди кланы өздөрүнө түшчү кара көлөкөдөн коркуп, аны өлтүрүп тынууга ашыгышкан. Актриса өлөр күнү Роберт Кеннеди Сан-Франциского учуп кетип, ал жактан Мерилиндин өлгөн-өлбөгөнү тууралуу сурап, Лоуфордго телефон аркылуу байланышкан...
Артур Миллер болсо Мерилиндин жашоодон кечкенин укканда - өзүн-өзү жемеге алып, тагдырдын сыноо талаасына таштап салганы үчүн өмүрүнүн акырына чейин өзүн күнөөлөп жашайт. Анын кийинки жубайы Инга Морат: "Мерилиндин өлүмү мага көп азапты көргөздү. Артур мени сүйөрүн билчүмүн, бирок, бул трагедияны унуталбасын кыйналуу менен көрүп турчумун" деген.
"Мен киммин?" - "Мен коңултактагы адаммын"
Мерилин Монро өз башынан он чакты абортту, 20 операцияны, 7 жолу өзүн өзү өлтүрүү аракетин өткөрдү. Ал эми ойноштору боюнча "мени ушулар өлтүрдү" деп жазган өз күндөлүгүндө. "Мектептеги кезимде эле мени туура эмес кабыл алышчу. Бирөөнү азгырайын, сүйүүгө берилейин деген эч ойдо жок секелек кезимде эле мен өз сулуулугумдун курмандыгы болуп, өзгөлөргө терс таасир калтырдым. Мен киммин? Эмнеге шыктуумун? Мен - коңултактагы адаммын. Жандүйнөмдө - боштук" - бул сөздөр анын күндөлүгүнөн. Ал чындап башка бирөөнү да, өзүн да сүйө албады. Баш айланткан ийгилигине, сулуулугуна карабай, күзгүгө каранган сайын чырайлуу Мерилин өзүн жек көрүп, өзүн-өзү урматтай албады. Албетте, бул анын жеке өзүнө болгон мамиленин чоң жаңылыштыгы эле. Аны туурашкан айымдар ушундай болсом дешчү, ал болсо "эмне үчүн мен баардык аялдардай эмесмин" деп өкүнчү. Америкалык доктур-психоаналитик Элизабет Макавой жана жазуучу Сьюзен Израэльсон америкалык айымдарга өзү менен өзү күрөшүү китебин даярдаганда, анын аталышын "Мерилин Монро синдрому" деп аташып, китепти окуу курал катары психикалык жактан жыбаркаган айымдарга сунушташкан жайы бар.
Мерилин Монронун ысымы бир эле Америкага эмес, бүтүндөй доорго сиңип, өмүр баяны ХХ кылымдын уламышы катары калды. Ал өзү курмандыкпы же ага чексиз ыпластык кыла бергендер курмандыкпы - түшүнүксүз. Анын трагедиялуу жашоосунун негизи - жеке жашоосунун туруксуздугу, режиссерлорго өз талантын далилдей албагандыгы. Мерилин өз жолунда канчалык күнөөгө батпасын, жашоодон адашпасын бир чындык бар - ал назик дүйнөсү, таза пейили, ишенчээктиги, жүрөгүндөгү өксүгү менен миллиондогон адамдар тарабынан бааланды жана сүймөнчүлүккө ээ болду.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4