
Адамдын жашоосундагы боордун ролу
Жеген тамагыбыз, ичкен суубуз, дем алган аба аркылуу организмибизге зыяндуу заттар келип түшөт. Адамдын организми болгон күчү менен алар менен күрөшөт. Тилекке каршы, зыяндуу заттардын организмге келип түшүшү көбөйгөндөн көбөйө берсе, организм алар менен өз алдынча күрөшүүгө күчү жетпей калат. Натыйжада, кирлердин кайсы бир бөлүгү органдарга, ткандарга жана лимфага шлак катары чогула берет. Мындай учурда эң биринчи боор кыйналат. Боор "таштандыга" толуп калганда эмне болот? Биринчиден, тамак менен келген пайдалуу заттарды организм өзүнө сиңире албай калат. Экинчиден, боорунда маселе жаралган адамдардын тез-тез башы ооруйт, иммунитети төмөндөйт. Ошондой эле боордогу маселе адамдын психикасына таасир этет: маанай көтөрүлбөйт, өнөкөт чарчоо, уйкусуздук же тескерисинче, уйкусуроо, алсыздык келип чыгып, кээде депрессияга чейин барат. Мындан тышкары, терибиздин абалы да боорубуздун кандай иштеп жатканын айтып турат. Эгер бетиңизде ар кандай тактар, сепкилдер болсо, анда бооруңуз начар иштейт.
Боорду тазалоонун
үй шартындагы ыкмалары
Коон. Бул максатта колдонулуучу коондун эң ылайыктуу сорту - ток жашыл түстөгү катуу коон. Күн сайын эртең мененки саат 7ден кечки 10го чейин бир гана коон жейсиз. Чеги жок колдоно берсеңиз болот. Болгону 5 бөлүккө бөлүп алып, сааты менен жеңиз. Коонго кошуп көк чай ичсеңиз болот, башка эч нерсе жегенге да, ичкенге да болбойт. Коон диетасы эки жумага созулат. Андан соң аз-аздан көнүмүш тамактанууга өтө бересиз. Үч күн кара нан, күрүч, жашылча-жемиш сыяктуу жеңил тамактарды жеп, андан соң калориялуу тамактарды жей бересиз. Ошентсе да ар кандай уулар менен, токсиндер менен бооруңузга жүк келтирбеңиз. Ичимдиктен мүмкүн болсо баш тартыңыз, этти, ышталган азыктарды, консерваларды, коланы, чипсыны азыраак колдонуңуз.
Оливка майы. Бул боорду тазалоонун жөнөкөй, бирок, натыйжалуу ыкмасы. Эртең менен ачкарын абалыңызда 1 чоң кашык оливка майын ичиңиз да, 30 мүнөттөн кийин эртең мененки тамакка отура бериңиз. Майды ичүүнү канчалык узакка улантсаңыз, ошончолук жакшы. А зыяны жок.
Кызылча. Орточо өлчөмдөгү бир кызылчаны жууп туруп мискейге саласыз да, үстүнө 3 литр суу куясыз. Отко коюп, кайнатасыз. Суунун болжол менен 2/3 бөлүгү соолуп, 1 литрдей суусу калганда кызылчаны алып чыгып, кыргычтан өткөрөсүз да, ошол эле мискейде калган сууга саласыз. Натыйжада, кызылча боткосу пайда болот. Бул боткону дагы 20 мүнөт кайнатасыз. Мындан соң боткону бирдей төрт бөлүккө бөлөсүз. Ар бир төрт саатта бирден бөлүгүн жеп отурасыз. Ар бир жолу жеген сайын оң тарабыңызга (боордун айланасына) жылуу нерсе басып, тынч жатышыңыз керек.
Түрп. 10 кг түрптү таза жууп, кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз. Алынган ботконун ширесин сыгып аласыз. Мындан кийин 3 литр шире, 3 кг калдык алынышы керек. Ширени муздаткычка салып коёсуз, а калдыгына бал аралаштырасыз (1 кг калдыкка 300 г бал). Бул аралашманы үстүнөн оор нерсе менен бастырып, жылуу жерге коюп коёсуз.
Эгер бооруңуздун айланасы оорубаса, анда ширени тамактан 1 сааттан кийин 1 чоң кашыктан ичиңиз. Ал эми оору сезилсе, ширени 1 чай кашыктан эле ичиңиз. Дозаны аз-аздан көтөрүп отуруп жарым стаканга чейин жеткиресиз. Ширени жаңыдан иче баштаганда бооруңуздун айланасы ооруса чочулабаңыз, бул нерсе бара-бара өтүп кетет. Ширени ичип жаткан маалда кычкыл жана ачуу тамактардан толугу менен баш тартышыңыз керек.
Шире түгөнгөндө бал кошулган түрптүн калдыгын жеп баштайсыз. Муну бир күндө 1ден 3 чоң кашыкка чейин жей берсеңиз болот. Бул организмди бекемдөөгө, анын ичинде жүрөк-кан тамыр системасы үчүн өтө зарыл.
Боорду тазалагандан
соң кандай өзгөрүүлөр болот?
Ден соолук
Бооруңузду жогорку ыкмалардын бирөөсүн колдонуу менен тазалагандан кийин ден соолугуңуздун жакшырганын дароо байкайсыз. Анткени, сиз бооруңузду тазалоо менен каныңызды тазаладыңыз. Демек, бардык органдарга жакшы болду. Мындан кийин баш ооруңуз жоголот, тамак сиңирүүңүз жакшырат, ооз көңдөйүңүздөгү ачуу даам, аны менен кошо жагымсыз жыт жоголот. Булардан сырткары сасык тумоодон, бронхиттен да арыласыз.
Тери
Териңиз таза, сыйдам болуп калат. Беттеги ар кандай безеткилер, бүдүрлөр, тактар кетет, болбоду дегенде азаят. Бет териңиздеги саргыч түстөн дайын калбайт, көздүн астындагы "мүшөкчө" жоголот, майда бырыштар жазылат.
Көз
Көздүн агы тазаланып, андагы саргыч түс жоголот. Кан тамырлар менен капиллярлардын, анын ичинде көздүн майда кан тамырларынын азыктануусу жакшыргандыктан, сиздин көзүңүз мурункуга караганда алда канча жарык болуп калат.
Маанай
Сиз карама-каршылык, кыжырдануу деген эмне экенин унутасыз. Буга чейинки көңүл коштук, депрессия дегендер жоголуп, кандайдыр бир энергия куюлуп жатканын сезесиз. Сизде жашоону сүйүү пайда болот.
Жашаруу
Эгер бооруңузду таза алып жүрсөңүз, убакыттын өтүшү сиз үчүн токтоп калгандай болот. Сиздин жашара түшкөнүңүздү айланаңыздагылар дароо байкашат. Ишенбесеңиз, тажрыйба жүзүндө байкап көрүңүз.
Боор үчүн пайдалуу азыктар:
Балыктын майсыз сорттору
Жашылчалар: ашкабак, капуста, сабиз, кызылча, помидор, бадыраң, петрушка, укроп
Жемиштер: каткан өрүк, мейиз, банан, инжир ж.б.
Бал
Сыр, кефир, быштак жана башка майлуулугу аз сүт азыктары
Сууга бышкан жумуртка
Жемиш ширелери
Боор үчүн зыяндуу азыктар:
Каймакмай
Сало
Майлуу эт
Торт, пирожный, печенье
Шоколад
Алкоголдук ичимдиктер
Маринаддалган, туздалган жашылчалар
Горчица, уксус
Ачуу кетчуп
Ачуу кара кофе
Таза жуулбаган жашылча-жемиштер
Айназик РАИМКУЛОВА
Пайдалуу маалыматка класс.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3