Бирөөлөрдү сыйла деп динде сени кыйнабас, Бирок көрбөс сый-урмат өзгөлөрдү сыйлабас.
Кабинеттен ачуулуу чыктым. Лифтти чакырып коюп дагы ордумда тура албай, ары бери басып турдум. Акыры ага түшүп, төмөн көздөй жөнөдүм. Бешинчи кабаттан бирөө лифтти токтотту. Эшик ачылганы менен эч ким кирбеди. Аэропортко шашып бараткандыктан, өзүмдү кармана: – Кирбейсизби, – дедим.
Эч ким жок. анан мен дагы бир аз олуттуу үн менен сөзүмдү кайталадым. Эч ким жок. Ошондо ачуумду кармай албай: – Киресиңерби же жокпу? Оюнду үйүңөрдөн койгула. Бул жерден кишини жумуштан кармабагыла! – деп үнүмдү өктөм чыгардым.
Ошол учурда лифтке тыкан кийинген колуна узун таяк кармаган, кара көз айнек тагынган киши көрүндү. Ал азиз адам эле. Таягы менен акырын басып кирди. Мен өзүмдү аябай ыңгайсыз абалда сездим. Терең чуңкурга түшүп кетүүгө даяр элем. Кантсе да абалды оңдоп кетүү керек эле. Тамагым жасаган болуп:
Кечиресиз, жакшы элесизби? – дедим араң. Ал жылмайып туруп:
Чоң рахмат, баары жакшы, кудайга шүгүр. Ыраазымын! – деди. Мен башка сөз айта албадым. Бир аз мурун акыл оюмду бүтүндөй ээлеп алган ачуум заматта кайдадыр жоголду. Себеби, мен кудай берген чексиз нэматтарга ээ болуп туруп да ачууга алдырып, тааныбаган бирөөгө жаман сөз айтып, жекирип турганда, менин жанымда, дүйнөнүн керемет сулуулугун көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса да кудайга миң мертебе шүгүр келтирип, жанындагы өзүнө кыйкырган адамга жылуу жылмайып, ыраазычылыгын билдирген жан дүйнөсү таза адам турган эле.
«... эгер берген ырыскыларыма шүгүрчүлүк келтирсеңер, албетте (аларды дагы да) арттырам. (Ибрахим сүрөөсү, 7-аят) Мусулман адамдын жылмайып жүрүүсү да садака болуп эсептелет... . Хадис
Жашоо – өзүнөн өзү жакшы дагы, жаман дагы эмес. Силер аны кандай багытка бурсаңар, ошондой болот. Мишель Монтень Бизге жетишпеген нерселер тууралуу тынчсызданганыбыз, биз ээ болгон нерселерге карата шүгүр кылбаганыбыздан улам болот. Даниэль Дефо
"Турмуш Сабактары 1" Тузгондор: Бакыт Жунусалиев, Жамал Бекчороева.
Билдирүүнү түзөткөн: Arni: 20 Август 2015 - 10:28
Arni
20 Август 2015 - 10:29
ОЙНОЙ АЛБАЙТ...
Кичинекей дүкөндүн сатуучусу эшигине «Мыймылар сатылат» деген жарыяны илип коет. Мындай жарыялар жаш балдардын көңүлүн тез бурат эмеспи. Ошентип, көп өтпөй дүкөнгө бир кичинекей бала баш багат. Сылык учурашкандан кийин үнүн жай чыгарып мыймыйлардын баасын сурайт. Сатуучу алардын баасы 100-300 сомго чейин экенин айтат. Бала чөнтөгүнө майда тыйындарын алып чыгып санайт да, оор үшкүрөт. Андан кийин сатуучуга кайрылып:
— Азыр менин жанымда болгону 20 сом бар экен. Жок дегенде аларды бир көрүп алсам болобу, — деди мыймыйлар турган кагаз куту тарапты үмүмт менен карай.
Сатуучу балага жайдары жылмайып, кутудан мыймыйларды алып чыгып коет. Эркиндикке чыккан мыймыйлар мыелоп, дароо ар кай тарапка кача башташат. Алардын ичинен бирөөөсү гана арткы бутунан аксап? Башкаларына жетпей калып жатты. Аны көргөн бала сатуучудан эмне болгонун сурады. Сатуучу бул мыймыйдын буту туулгандан эле ушундай майып экендигин, өмүр бою ушундай каларын өкүнүү менен айтты. Ошондо бала ал мыймыйды колуна алат да эркелетип баштайт. Анан сатуучуга карап:
Мен ушул мыймыйды алам, — дейт.
— Сен эмне, шылдыңдаганыңбы? — деп күлөт анын сөзүнө сатуучу. — бул деген эмүр бою чуркап ойной албайт. Бул деген майып жаныбар да. эмне кыласың муну алып. Анчалык боорукер болсоң, сага бекер эле берейин.
— Жок, мен бекер алгым келбейт. Мен акчасын толук алып келип берем. Себеби, бул дагы башка мыймыйлардай эле баага татыктуу, — дейт бала ызалана.
Баланын мындай өжөрлүгүнө таң берген сатуучу ага түшүндүрө баштайт:
— Балам, сен түшүнбөй жатасың. Бул мышык эч качан башкалардай болуп секире албайт, кубалашып ойной албайт. Аны сен эмне кыласың өзүңө жүк кылып, — дейт.
Ошондо бала унчукпастан сол бутунун багелегин түрө баштайт. Шымынын астынан ичин көздөй башкача болуп ийрийген буту жана аны түздөп карматып койгон темирлери көрүнөт.
— Мен дагы эч качан секирип, кубалашып чуркап ойной албайм. Бул мыймыйдын жашоосу кыйын болот. Ошондуктан ага аны түшүнгөн, анын тагдырын тең бөлүшө алган бирөө керек, — дейт киркиреген үн менен. Сатуучу баланын бутун көрүп, жаңы эле айткан сөзүнө өкүнүп, эрдин тиштеп турду. Көзүнүн жашылданганын билгизбөөгө аракет кылып, баланын башынан сылап унчукпай турду. Андан кийин жылмайууга аракет кылды да:
— Балам, бардык мыймыйлардын сендей эң жакшы достору болушун мен Кудайдан тилеп дуба кылам! —дегенге араң жарады.
Балдарды чын дилден сүйүп, аларды коргоо – тозоктон сактанууга себеп болот. Хадис
Адамдардын көбү баркын билбеген эки нимат бар: алар ден соолук жана бош убакыт. Хадис
Жашоодо бир гана бакыт бар – башка бирөө үчүн жашоо. Л. Толстой
Деңиздин толкундары бир күнү тынчып калат – деген үмүттөн өзүбүздү арылтышыбыз керек. Керек болсо катуу шамалда сүзгөндү үйрөнүшүбүз керек. Онанис
"Турмуш сабактары 1"


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1