
Окуп эске алып койгулачы алтындар
1. Келгенде квартира керек болот. Ошондо Интернеттен авито, кыргыз сайттарынан 15 миңге 1 комнаталуу квартира бар уруп барып акча бербегиле. 15 миңге метронун жанында эмес 15 минуттук машина менен бара турган жерде да жок. Муну хохатрон деп коёт))
2. Администратор клуба зп 100 миң без опыта деген жер, ал эротический салон, же стриптиз клуб.
3 Ошол эле массажный салон зп от 150 миң деген дагы эротический массажный салон ага уруп барбагыла.
4. Тел чалып
-я сотрудник банка вы выиграли 100 тыс рублей, срочно сообщите три цифры банковской карты десе шашып бушуп, картанын артындагы 3 цифраны айтпагыла. Айттың дегенче картадагы акчаң оомин. Сиз лотерея утуп алдыңыз деп да айтышат. Ошондо да дагы артындагы үч цифраны айтпагыла, кыскасы сиз Путинден да бай болдуңуз, Путин өзү сурап атат десе да айтмай жок. Булар түрмөдө олтурган психолог мошенниктер.
5. Авито юла, авто ру деги эле интернеттен 350 миңге Тойота камри 2019 жылкы, срочно сатып жатабыз азыр 50 миң салып брон кылып койбосоң сатып жиберебиз десе. Сатып жибергиле дегиле, уруп барып ага акча которуп жибербей. 50 миң которгондон кийин, жанагы окуя болосуң, бөдөням да жок көтөням да жок болуп)))
6. Ауу жигиттер бир жумага 80 миң курьер болуп иштейсиң дегендерге такып жолобогула. Сиз курьер болуп иштейсиз акчаңызды берет 80 миң 1 ай
экинчи айда сизди түрмө тосуп алат. Ошондо сиз миңдеген кыргыздардын түрмөдөгү санын толуктайсыз. 80 миңге курьерлер булар наша дүнк ташыган курьерлер. Азыркы учурда эң көп кылмыштуулук ушул жерде.
7. Колуңардан келсе спиртной ичпегиле, ичкен болсоңор түптүз үйгө келип уктагыла. Ичип мас болуп уктап калсаңар тегеректе болгон түнкү кылмыш иштерин милиция кармап сизге жүктөп коет. Эгер орустар менен урушуп кетсеңер 100 % сиз күнөөлүү болосуз. Калп жалаа жаап сизди 3,5,8 жылга чейин камап салышат.
8. метродо көчөдө жүргөндөргө регистрация жазатпагыла.
9. Кыргызстандын жарандыгы болсо сизде, регистрацияңыз бир жылдык болсо, официально регистрация кылган гостиницаларга барбагыла, сиздин бир жылдык регистрацияңыз базадан чыгып, гостиницадагы бир суткалык регистрация калып калат акыркы болуп.
10. Ар ури бей тааныш чала тааныш менен интимный жашоо болуп кетсе сөссүз анализ тапшырып койуңуз, же кулак мээ тынч презерватив менен болуңуз. Анткени мигранттардан СПИД ВИЧ оруусу менен ооругандар жылдан жылга көп катталдууда.
11. Тапкан акчаны шалкылдатып эле Кыргызстанга той топур майда чүйдөгө сала бербей. Акчаны туура колдонгоду, ошол акчаны көбөйткөндү үйрөнүңүз.
12. эртен кечке пабжи ойноп, ватсап группаларда олтуруп жаштыкты өлтүрө бербей, Москванын кооз жерлерин кыдырып, галереяларын көрүп, толгон токой курстар бар бий, англ тили, бизнес, вождение, суга сүзүү, шахмат дагы ушул сыяктуу жерлерге барып туруңуз.
13. келгенде эле өзүңүз өсүп өнүгүп бир нерсе биле турган үйрөнө турган адамдарга кошулуңуз.
14. Кыргыздарды көргөндө кабакты түйбөй, кичи пейил болуп жылмайып койңуз )


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3